Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынын кесепетинен Токтогул районунун тургуну көз жумду. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.
Маалыматка ылайык, 20-августта саат 20:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 275-чакырымында эки унаа кагылышкан. “БМВ” унаасын 1998-жылы туулган Токтогул шаарынын тургуну жана “Фольксваген Пассат” унаасын 1967-жылы туулган Токтогул районунун тургуну башкарып бара жаткан.
Жигит алкоголдук мас абалында “БМВ” унаасы менен Бишкек-Ош багытында айдап бара жатып, “Фольксваген” карама-каршы багытта келе жаткан унаа менен кагылышкан.
Жол кырсыктын кесепетинен “БМВ” унаасындагы айдоочу жана 3 кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми “Фольксваген” айдоочусу реанимация бөлүмүнө жеткирилип, көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ