Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинде каралган жарандардын жума намазга катышуусу үчүн түштөнүүнү бир саатка узартуу тууралуу мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттарга карата айткан Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсү көпчүлүктү таӊ калтырды. Мындай нерсе акыры жакшылыкка алпарбайт. Мыйзам талаптарына ылайык, дин өкүлдөрүнүн мамлекеттин ишине кийлигишүүгө акысы жок, биз ага жол бербешибиз керек. Мындай пикирин депутат Алфия Самигуллина Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
«Мен өзүм дагы мусулманмын. Бирок, биз – кыргыз жарандары ар бир орчундуу маселеге келгенде, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошубуз керек. Негизи, жумушчу күндү узартуу-кыскартуу маселелерин өкмөт өзү жөнгө салат. Ал мыйзам долбооруна карата каршы корутундусун берген. Бир катар депутаттар аны колдодук. Биз ислам динге каршы эмес, социалдык маселе жаатындагы сунушка каршы добуш бердик. Анткени, мындай шартка өлкөбүз азырынча даяр эмес. Андай чаралар көптөгөн кыйынчылыктарды жаратары бышык», – деп кошумчалады ал.
Ал өкмөттөн, тишелүү укук коргоо органдарынан Чубак ажынын парламент депутаттарына каршы жасаган билдирүүсүн иликтеп чыгып, баа беришин талап кылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ