Сузак районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн катышуусунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, бүгүн, 8-октябрда саат 16:00 чамасында Сузак айыл аймагынын Серный участкасында чыр чыгып, белгисиз адамдар ок чыгара башташкан.
Такталбаган маалыматтарга караганда, чыр-чатакка айрым саясий партияларга тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катышкан.
Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы милицияга аймактагы атышуу тууралуу билдирүү келип түшкөнүн жана укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп кеткендигин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ