Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 23-июнда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +15…+20, күндүз: +30… +35,
Таласта түнкүсүн: +14…+19, күндүз: +28…+33,
Баткенде түнкүсүн: +17… +22, күндүз: +31…+36,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +17…+22, күндүз: +31…+36,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +19…+24,
Нарында түнкүсүн: +11…+16, күндүз: +22…+27,
Бишкекте түнкүсүн +18…+20, күндүз: +33…+35.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ