КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, «КР Премьер-министрин жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
КР Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, дайындалды:
— Жапаров Садыр Нургожоевич КР Премьер-министри кызматына;
— Новиков Артем Эдуардович КР биринчи вице-премьер-министри кызматына;
— Мамытканов Максат Сүйүналиевич КР вице-премьер-министри кызматына;
— Исмаилова Аида Жекшенбаевна КР вице-премьер-министри кызматына;
— Сабиров Равшанбек Азатович КР вице-премьер-министри кызматына;
— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси — министри кызматына;
— Казакбаев Руслан Айтбаевич КР тышкы иштер министри кызматына;
— Ниязбеков Улан Омоканович КР ички иштер министри кызматына;
— Жаманкулов Марат Тургунбаевич КР юстиция министри кызматына;
— Мукашев Кыялбек Белекович КР каржы министри кызматына;
— Муканбетов Санжар Турдукожоевич КР Экономика министри кызматына;
— Чодуев Эркинбек Урайымович КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына;
— Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич КР транспорт жана жолдор министри кызматына;
— Ажикеев Бообек Эргешович КР өзгөчө кырдаалдар министри кызматына;
— Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич КР билим берүү жана илим министри кызматына;
— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович КР саламаттыкты сактоо министри кызматына;
— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович КР маданият, маалымат жана туризм министри кызматына;
— Кочкоров Улукбек Тойчубаевич КР эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына;
— Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына;
— Исмаилов Алтынбек Жапарович КР маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ