Бишкек-Ош унаа жолу ачык, убактылуу жабылган постор 2018-жылдын 23-март күнү саат 06:00дө ачылды
Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондугуна байланыштуу, 2018-жылдын 22-мартында Чүй облусунун Жайыл районундагы “Сосновка” постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Арал” постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин, унаалардын баардык түрлөрү үчүн жол каттамын жабуу боюнча КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы Премьер-министрдин 2018-жылдын 20-мартында №12 буйругу чыккан.
2018-жылдын 22-мартында Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда, “Арал” постунда жана Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн тартып унаалардын бардык түрүнө каттам убактылуу жабылган.
2018-жылдын 23-март күнү саат 06:00дө убактылуу жабылган постор ачылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ