Menu

Учур саясаты: Өткөөл туштан өттүкпү, же?..

Бөлүшүү:

Мына, кечээ жакында эле азыркы бийликтин жана ал жүргүзүп келе жаткан эки жүздүү (төрт-беш… он, он беш, кырк беш… жүздүү, улам шартка, ыңгайга жараша кубулуп, хамелеондой болуп, өзгөрүп турган бийликтин!) саясатынын дагы бир чыныгы жүзү ачылгансыды.

Эч кандай коомдук талкууларсыз, кайсыл бир коомдук уюм деп аталган чакан бирикменин сунуштамасы менен (бул сунуш жеке экс-депутат Мээрбек Мискенбаев тарабынан гана жарыя кылынганына карабастан), заматтын ортосунда, борбор шаарыбыздын борбордук көчөлөрүнүн биринин аталышын өздөрү каалагандай кылып, дароо өзгөрттү да койду. Коомчулук, эл буга кандай көз карашта? Деги, жалпы элдин басымдуу катмарында, жана дагы жаңыдан өсүп келе жаткан муундардын аң-сезиминде кара так катары сакталып калган бул датаны кабыл алабы, же жокпу? — ​деген сыяктуу түйшөлүү мындай турсун, жок дегенде, формалдуу процедуралар да толук сакталган жок сыяктанат. Кайсыл бир алыскы айылдын көчөсү эмес, борбор шаарыбыздын эң башкы көчөсүнүн аталышы өзгөртүлүп жатса да!..

Ошол эле учурда, жалпы коомчулук, эл арасында бул датага салыштырмалуу караганда, революция, демократия критерийлеринин призмасы аркылуу алып караганда, алда канча ынанымдуу сезиле турган жана да, өз алкагында көп катмарлуу, бардык региондорду сыйдырган жана калың калкты камтыган 2005-жылдын 24-марты бар экендигин ойлоп да койгон киши болбоду. Эгерде ошончолук эле, өткөндү унутпай, “тарыхый аң-сезимдүү” болгубуз келип кетсе, анда турмуш чындыгына көз жумбай, адегенде Чүй проспектисинин Фучик көчөсүнөн баштап, тээ Алма-Ата көчөсүнө чейинки аралыгын “24-март көчөсү” деп жарыялап, андан соң гана тээ “Форум” жактагы (2010-жылдын 7-апрелиндеги тополоңдуу “революциячыл-төңкөрүштүү” кыймыл дал ошол жактан башталганы али элдин эсинен чыга элек!) кулакка жагымсыз, аталышы өзгөртүүгө муктаж болуп турган көчөлөрдүн бирине “7-апрель көчөсү” деген наам ыйгарылса, бул коомчулуктун кабыл алышына кыйла ынанымдуу шарт түзмөк…

Ал эми дээрлик жыл сайын ар кандай деңгээлде белгиленип келе жаткан 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуялары, 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция — ​айрым бир саясий көз караштары дал келип калгандыктан улам гана, өз кызыкчылыктары менен убактылуу бириге калышкан, топтолгон ар кандай коомдук кыймылдар каалашабы, же жокпу, баары бир соңку жаңы тарыхтагы зор тарыхый бурулуштуу доорду алып келген окуялар катары кала берери шексиз. Анткени, бул кыймылдардын, козголуштардын түпкү тамыры эл катмарынан өзөк алып, бутактанып, кеңири жайылып, жалпы республика аймагына таркап кеткен болчу.

Белгилүү болгондой, экс-президент Акаевдик бийликтин соңку учурлары (1998–2005-жылдар) эл турмушунун деңгээли өтө төмөн деңгээлге жетип, жумушсуздук, жакырчылык сыяктуу өтө оор социалдык оорулар жеткен чегине чейин өсүп жетип, коомдук-саясий толкундоолорду табигый түрдө толкуп чыгууга жеткирген болчу. Башкача айтканда, толуп-ташып, сыртка чыгып кетүүгө жол таппай турган тосулуп калган суу агымы, акыры келип жасалма, алсыз тосмону шар агымына кошо бузуп, агызып жөнөшү ачык көрүнө баштаган эле!..

Кылчактабай, өз аты менен айтканда, эбак эле эл маанайында жана коомдук катмарларда революциялык кырдаал жаралып, ага түрткү берүүчү, ойгото турган күч гана жетишпей турган. “Учкундан жалын тутанат” демекчи, андай жалындуу, жаалдуу кыймылдын ээ-жаа бербей, башталып кетишине бир учкун гана жетишпей турганын, көпкөндөрүнөн улам, көздөрүн май баскан, акаевчил-осмонакунчул, элден эбак бөлүнүп калган, өздөрүн элита деп сезип алышкан байкуштар сезбей да калышкан кез келген болчу. Алар бир катар алдын ала эскертүүлөргө карабай, карапайым эл турмушу абдан жакырланганын, эл мыйзамсыз жол менен прихватизациядан улам арам жолдор менен ашкере байышып, эл-мамлекет байлыктарын ой келди чачышып, туш келди сатышып, эми чет жактарга Кумтөр, Үзөңгү-Кууш сыяктуу кылып бере башташканына абдан кыжырлануу менен нааразы болуп жатышканын ойго алгылары да келишкен жок.

Ал эми ошол тойбос-жегич, ачкөз жана элге жедеп жек көрүнгөн бийликтин башкы идеологу Осмонакун Ибраимовдун өлкөнүн башкы телеканалы аркылуу, Жалал-Абаддагы болуп жаткан окуяларга коомдук талкуу сымал бир нерсени уюштуруу сыяктуу жандалбасаланган аракети (24-марттагы революцияга саналуу гана күндөр калган убакта), Франциянын элдик революция тарабынан башы эшафотто кесилген императору Людовиктин акылы пас аялынын аракетиндей эле, чакан бир комикалуу, эч маанисиз эпизоду болуп калган. Белгилүү болгондой, император сарайынан такыр сыртка чыкпай, элден обочолонуп калган бул айым, “Эл такыр ачка калды, жегенге наны да жок болуп калды!” — ​деп, элдик нааразычылыктын себептерин түшүндүрүп айтышса, “Наны жок болсо, пирожное эле жей беришпейби!?” — ​деп мңыроо гана реакция жасаганы, кийин тарыхый анекдотко айланып кеткен.

Тим эле, дал ошол мажирөө айым сымал болуп, анткорлоно маңыроолонгон акаевдик башкы идеолог Ибраимовдун “Оштук акмактарга” акыл-насаат айтып, чакан чөйрөдө болсо да, коомдук пикир жаратууга болгон аракети ошол эле телестудияда дароо жарылууну пайда кылып, протест катары, ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министри Исмаилов бүт өлкөнүн көз алдында аны жекире кагып-силкип, кыска-орой түрдө өзүнүн каршы пикирин айтып, таңууланып жаткан жасалма талкууга катышпай чыгып кетип калганын, жалпы республика көргөндүгү али эстен чыга элек!..

Башкача айтканда, 7-апрелдегидей ар кандай топ-топторго бөлүнүп алып, алдын ала дыкаттык менен, жашыруун түрдө даярданышып, болжолдуу мерчемде гана ачыкка чыкпастан, жалпы элдик агым токтоосуз козголушу табигый нукка өтүп кеткен болчу. Баса, муну азыркы бийликтегилердин анабаштары болушкан айрым саясатчылар өздөрү деле, эч кандай эске салуусуз эле, жакшы билишет. Ошол эле экс-президент Алмазбек Атамбаев да, 24-марттагы революцияда башкы катышуучулардын катарында, лидерлердин бири болсо да, кийин “эки революцияны тең өзү жасаганын” бир нече ирет жарыялабады беле?..

Демек, кайсыл бир тарыхый окуяга баа берүүгө келгенде, кандайдыр бир тарыхый мааниси бар аталыштарды коюуга, же өзгөртүүгө келгенде, бийлик жетекчилиги абдан этияттык менен, аяр мамиле жасоосу абзел. Анткени, бул сыяктуу коомдук-саясий маанидеги жөрөлгөлөр жалпы эле элдин аялуу, ыйык саналган, Ата-Журт, эркиндик, көз карандысыздык деген баалуулуктарды камтыган сезимдери менен байланышып калган.

Эгерде жалаң гана “апрелчилерге”, же СДПКчыларга гана байланышкан, алардын ички бир муктаждыгынан улам келип чыгып жаткан өзгөртүүлөр болсо, жана ал жалпы республика жана борбордун эң башкы көчөсүнө тийиштүү болбосо, биз буга көңүл да бурмак эмеспиз.

Асыресе, СДПКчылардын арасындагы ич-ара ыйкы-тыйкылыктарга (маселен, М. Мискенбаевдин президент Сооронбай Жээнбековдун иниси — ​депутат Асилбек Жээнбековдун алардын жыйынында мандатын тапшырууга убада кылып, бирок, аны азырга чейин аткарбай келе жатканы жөнүндө) келсек, азыркы президент өзүнүн экс-президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин тагдырларын кайталагысы келбей турганын ачык билдирди. Мындай позиция жалпы элдик ишенимди ого бетер бекемдеп, жаңы президенттин калың элдик катмар тарабынан колдоосу көбөйөрүнө алып келери шексиз. Бирок, мындай каалоо-маанайлар сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө реалдуу бекемдөөлөр менен камсыздалыш зарылдыгы түшүнүктүү. Болгондо да, эч качан эпизоддук мүнөздө болбой, тез аранын ичинде жана андай аракеттерди кийинкиге калтыруу деген сыяктуу ой да жаралбашы керек!

Азыркы кезде жасалып жаткан коррупция менен күрөшүү, экономикалык, наркотикалык жана башка кылмыштарды ооздуктоого болгон аракеттер да жалпы эл тарабынан жапырт колдоого алынары шексиз. Эң башкысы, жаңы президент конституциялык жоболорду ыйык сактап, партиялуулук деген түшүнүктөн жогору турушу зарыл. Анан дагы, элдик ишенимди жана колдоону жоготпос үчүн, бийлик менен элдин ортосундагы ажырымга жол бербеши ылаазым.

Жогорку бийликтин өз алдынча, көрүнбөгөн аралчага айланып калышы, бийликтин өз кызыкчылыктары үчүн гана жашап калган институт катары, элден такыр бөлүнүп калышынын — ​арты — ​түбү трагедиялуу болорун тарых такай тастыктап келе жатат.

Азыр эл арасында кыргыз мамлекеттик ишмерлери арасынан жалпы эл арасында (мейли, Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки, тарыхый “кыска” доорду эле алалык), кимдер ашкере популярдуу жана эл аларга сүймөнчүк менен мамиле жасап, терең ардактоону улантып келе жатышат? Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Абсамат Масалиев!

Алардын жөнөкөйлүгү, жогорку бийликте да күнү-түнү карапайым калктын кызыкчылыктары менен жашап келишкендиги аңызга айланып калган. Ошол эле учурда, мурдунун учунан алысты көрө алышпаган, тар, региондук, жеке-өзүмчүлдүк (буга партиялык — ​деген критерийди да кошуп койсок болот) гана кызыкчылыктар менен жашап калышкандарга урмат-сый көрсөтмөк турмак, терең жек көрүү сезимдери менен гана мамиле жасашат. Анткени, алардын ошондой саясатынын кесепети өз доорунда гана калып, биротоло изсиз жоголбостон, доордон-доорго чейин дагы саркынды-калдык, илдет сымал болуп уланып кетерин көрүп жатабыз.

Мисалы, кечээ жакында, Бишкек шаардык кеңешинин (“шаар көчөлөрүнүн аталыштарын өзгөртпөө тууралуу мораторий жөнүндө токтомго түзөтүү киргизишкен”!) депутаттарынын биринин, борбордун деталдык проектисин талкуулоо учурунда, келечекте Бишкекте метро куруу идеясы кыйла кызуу талкуу жаратты. Азыркы жакыр, карызга белчесинен баткан абалыбызда, мындай кыялдануулар жомок сыяктуу сезилгени менен, жакынкы же алыскы келечекте дал ошондой кадамдарга барууга мажбур болорубуз дайын иш деп койсок болот.

Ал эми бир аз эле убакытка артка кылчая карасак, тээ өткөн кылымдын 80-жылдарынын башында, Бишкек шаарынын келечек проектиси талкууланып жатканда, шаардын борбордук көчөлөрүн 14 метрге чейин кеңейтүү пландалгандыгын, бирок, буга ошол кездеги республика жетекчилигинин караманча каршы чыккандыгынан улам, жерди үнөмдөө керек деген түркөй, алысты көрө албаган ой жүгүртүүдөн улам, борбор шаарынын көчөлөрүнүн кеңдиги 8–9 метрге чейин түшүп калгандыгын айтып жүрүшөт. Азыр борбордо пробкалар транспорттук коллапс жаратууда.

Москванын Жаңы Арбатында (мурдагы Калинин проспектисинде) автожол гана эмес, анын эки тарабындагы жайгашкан тротуарлардын да укмуштай кеңдиги өзгөчө кооздук жаратып, ошол дайыма эли быкбырдай кайнап турган, жер тардыгы ошол кездеги Фрунзеге салыштырмалуу ондогон эсе курч турган Москвада кандай алысты көрө билүүчүлүк менен чечилгендиги таң калтыра суктандырат! Муну москвалыктар азырга чейин аңызга айландырышып, ошол кездеги премьер-министр Николай Косыгин өз аялы Нина Гвишианинин “үйдүн жанында эл арасында кеңир сейилдөө үчүн”, анын сунушу менен жасагандыгын айтып да, жазып да келе жатышат!..

Ал эми атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов “борбор шаардын архитектору” деп атаган Турдакун Усубалиев бул багытта кандай жакшы жактары менен эсте калды? Учурунда борбордук үч-төрт имаратты Кыргызстанда чачылып, баркы жок болуп жаткан мрамор таштары менен каптатып койгон экен, мунусун “борборду тим эле таанылгыс кылып, такыр өзгөртүп жиберди!” дешип, пиар жасашканга аракет кылышты эле, эч майнап чыккан жок. Себеби, жасалган жакшы иштерге караганда, “мураска калтырылган” арабөк калган, ал тургай терс иштери толтура экен.

Турак-жай куруу тармагы “хрущевдук” деп аталган ыңгайсыз, тар, кунарсыз төрт-беш кабаттуу үйлөрдү куруу менен гана чектелип, аягында келип, кризиске капталып, борбордун айланасын курчаган, азыр “шахид курчоосу” аталган жаңы конуштар менен бүттү. Ал эми сейсмикалык жагдайды шылтоолоп, “хрущевкалардан” артык имараттарды курууга болбойт деп келген аргументтер да, турмуш тарабынан өзүнөн-өзү төгүнгө чыгарылды. Борбордун ар кайсыл аймактарында 24–30 кабаттан ашуун, көз жоосун алган, кооз имараттар курулуп жатат…

Ташкент менен Алматы Орто Азиядагы эң алгачкы метролуу шаарлар болуп калышты. Ошол кездеги жетекчилер, союздук казынага өз салымын салып гана тим болбостон (өзбектер — ​союздун пахта, казактар — ​дан кампасы аталышып), андан өздөрүнө таандык үлүштү да алыштын жолдорун билишкен. Биздин өз калкы этсиз олтурса да, “койдун санын 15 миллионго жеткиребиз!” деп убада берген жетекчилерибиз, элдин калың катмарын койчуларга айландырып эле тим болбой (ал кезде окуучулар-мугалимдер ж. б. катмарлар сакманга чыгышы кадимкидей тартипке салына баштаган), өз креслосунан ыргып кетүүдөн коркуп, калтырап-титирешип, союздук казынадан өз энчисин талап кыла да алышкан эмес.

Элдик лидер алысты көрө билген, көсөм адам болбосо, андан калган калдыктар, ал өлгөндөн кийин да, ушинтип, жалпы элдин азабына айланат.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: “Жаңы ордо”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: