Кыргызстанда туулуп өскөн кыргыз балдарын орус тилдүү бакчаларга жана мектептерге берүүнү бул жаш өспүрүмгө болгон кыянаттык мамиле катары көрөт Валерий Яковлев.
-Кичине бала эмнени билмек эле, – дейт Валерий байке.- Аны мындай ата-энелер тырмактай кезинен эне тилинен алыстатып, кыргыз элин жана маданиятын кемсинткен, Кыргыз Республикасынын кадыр баркына шек келтирген маданият, билим менен терең сугарып, тарбиялап жатпайбы.
Мындай окутуу кыргыз элинин накта трагедиясы болот, жана
келечекте биздин улутубузду трагедияга алып келе койо албайт.
Кандай болгондо да Кыргызстанда туулуп өскөн басымдуу кыргыз балдары бакчада болобу, мектептеби, эне тилинде окуш керек.
Замирбек Өсөров, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ