Menu

Депутаттын айтканын кыл, кылганын кылба

Бөлүшүү:

Илгери калк ичинде “молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” деген кеп бар эле. Ал кеп азыркы маалда биздин эл өкүлдөрүнө туура келип турат окшойт. Дегеним, депутат Сурабалдиева, депутаттар Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков сунуштаган калпакты мазактаган жеке жактарды 1000 сом, юридикалык жактарды 5000 сом айыпка жыгуу тууралуу мыйзамга каршы чыгып, жакында эле коомдук резонанс жараткан эреже бузуу кодекстери боюнча маселени жөндөй албай жатканда шүк эле олтургула дегендей кылды. Ал өз сөзүндө: “Мен демилгечилерге кайрылат элем: мисалы, имараттын ичинде тамеки чегүүгө тыюу салынган. Бирок, Жогорку Кеңеште отурган депутаттар баарыңар отуруп алып тамеки чегесиңер. Өзүбүз мыйзам чыгарабыз, анан аткарбайбыз. Анан биз деген молдолорго окшобойлу. “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” деген сөз бар. Жума күнү саат 1ден 2ге чейин намазга жыгылып коюшуп, ишемби күндөрү арак ичип, саунадан чыкпай калган канча кыргыз мусулмандары бар, туурабы? Ошолорго окшобойлу”, – деди. Башкасын айтып эмне кылабыз? Бир эле мисал бардыгына чекит койду. Аман эле болгула урматтуу депутат молдолор.

Булак: «Факты»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: