Орусияда конфедерациялардын футбол Кубогу уланууда.
Турнирдин расмий сайтындагы маалыматтарга караганда, А тобунда Португалия менен Мексика 2:2 упай менен тең чыгышты. Португалиядан дарбазага топту Куарежма менен Суариш, Мексикадан Эрнандес менен Морено киргизишти.
1-турдан кийин Орусия 3, Португалия менен Мексика бирден упай топтоду. Жаңы Зеландия азырынча эсеп ача элек.
В тобунда Чили курамасы Камерун командасын утуп алды. Дарбазага топту Видаль менен Варгаз киргизишти.
Конфедерациялардын футбол Кубогу 2-июлда аягына чыгат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ