Башында Кубанычбек Кулматов бажы системасында жетекчилик кызматтарда жүрүп, чалчаңдап байып, кийин топтогон акчасынын кудурети менен Чүй губернаторлугуна, Бишкек шаар башчылыгына келип, бирок жарытылуу иш кыла албаганы маалым. Чабал кадр катары иштин көзүн билбегени, дайыма чыр-чатактын үстүндө жүргөнү менен эсибизде калды. Шаарды өркүндөтүп, заманбап өнүгүүгө салмак турсун, тескерисинче, акыр-чикирлердин ордосуна айландырып салганычы? Акырында тургундарыбыздын нааразычылыгы менен кызматынан кетип, бирок Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусуна барып, ал жактан да карапайым элге жарыгы тийбей, өлкөбүзгө келген насыяларды олигархтарга чегерип, дагы да болсо келишпестик жаратканы жалганбы? Маселен, соңку ишмердигин алсак, 17 миллион долларды бир гана бай адамдын тууганына кредитке берип койгону коомчулукта нааразычылыкты жаратты го?.. Анан эле Улуттук банктын төрагасы катары ээрге конду. Ансыз да сомдун кунары кетип, инфляциянын курмандыгы болуп аткан шартыбызда Кулматов биротоло элдин убалына калып, мамлекетти банкрот кылып, «мекени» Россияга «куйрук түйгөнү» калдыбы? Мындан баарын күтсө болот. Деги кыргыз эли кыйынчылык сазынан качан чыгат?
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ