Шаардагы тротуарларды кардан тазалоо – бир гана шаардын коммуналдык кызматтарынын иши эмес, ал жалпы шаардыктардын да иши. Ар бир шаардык тургун шаардын таза, иреттүү болушуна салымын кошуусу керек. Мындай пикирди Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен болгон жыйында билдирди.
Шаар мэринин айтымында, шаар боюнча атайын “Абаттоо эрежелери” иштелип чыккан жана кабыл алынган. Эрежелер боюнча мекеме-ишканалардын, жеке менчик үйлөрдүн алдындагы аянттардын тазалыгын, иреттүүлүгүн камсыз кылуу милдети ошол мекеме-ишканага же үй ээлерине берилген. Ал эми коомдук жайлар, эл көп топтолуучу аянттар, борбордук көчөлөр коммуналдык кызматтарга тапшырылган.
-Атайын коммуналдык мекеменин 15 кызматкери шаардагы бардык тротуарларды кардан тазалап чыга албайт. Иш жүзүндө бул мүмкүн эмес нерсе. Абаттоо эрежелерине ылайык, буга ар бир шаардык тургун аракет кылышы зарыл. Бизде болсо, өзүнүн милдети, аракети тууралуу ойлонуунун ордуна нааразылык айтып, бирөөгө күнөө койгонду көбүрөөк билишет, – дейт шаар мэри.
Шаардык тийиштүү кызматтардын берген маалыматына караганда, шаарда 217 чакырым жолдор бар, ал эми тротуарлардын жалпы узундугу 100 чакырымга жакын.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ