Menu

Видео – Дастан Бекешев, КСДПчы депутат: “Гейпарадды, ЛГБТны Жогорку Кеңеште талкууласак бүт дүйнөгө уят болобуз, бул парламенттин деңгээли эмес”

Бөлүшүү:

“Мен эртең менен парламенттин күн тартибин бекитүүгө кеч келип калдым. Жылдыз Мусабекова бүгүнкү күн тартибине киргизген гейпарад жана ЛГБТ маселелерин талкууласак бүт дүйнө жүзүнө уят болобуз. Бул өзгөчө кырдаал эмес да. Албетте терс көрүнүштөр бар, бирок ага МВД менен мэрия күнөөлүү эмес да. Гейлер жүрүштүн артынан келип кошулуп алышыптыр”, – деп билдирди бүгүн, 13-мартта КСДПчы депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин отурумунда.

“Биз ЛГБТ маселесин парламентте талкуулоо менен эмне жаратабыз? Биздин талкуунун стенограммасын алып алышып, биздин жаштар Европа мамлекеттерине кайрылып, “мен геймин, мына, бизди куугунтуктап жатышат, парламентте депутаттар талкуулап басым жасашууда”, деп көрсөтүп, саясый башпаанек сурашса, алар башпаанек бере башташат. Анан эл аралык деңгээлде биз уят болобуз. Ал жүрүштө мыйзам бузуулар болбоптур. Бул маселеге биз башкача мамиле кылышыбыз керек. Жогорку Кеңеште талкуулабай эле бул маселени коомдун талкуусуна коюш керек. Эки-үч күндө унутула турган маселени биз парламентке алып чыгып, тескерисинче күчөтүп жатабыз. Бул тема аркылуу бирөөлөр грант алат, бирөө грант аңдыйт, биз ошолорго жардам беребиз. Ошондуктан бул теманы күн тартибинен алып салалы. Бул Жогорку Кеңештин, бийик трибунанын деңгээли эмес”, – деди Дастан Бекешев.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: