Menu

Чын чычалайт болдубу? Атайын мыйзам керек

Бөлүшүү:

Гезитибиздин өткөн санында “Мырзакматов кыймылдай баштады” деген куш тилиндей кабар чыккан. Ал макалада “Мырзакматов партиянын катчылыгына Клара Сооронкулованы дайындады. Сооронкуловага эмне? Соодасы өтсө болду да” – деген эки сүйлөм жазылган. Мына ушуга чычалаган Клара айым, кылдан кыйкым издеп, же өзүн пиарлагысы келгенби, айтор “Азаттыкка” чыгып: “Багыт” гезити мени шылдыңдады” деп айтып чыкты. Ал ошондой эле гезит бетине жасалган өзүнүн сүрөтүнө чычалаган. Кадырыңыз жан болсун дейли. Ал гезиттер үчүн эң эле жеңил коллаждардын бири экенин эсиңизге сала кетели. Аты бар заты жок бир партиянын катчысын эле эмес, өлкө жетекчилерин деле сынга алып, аларды көркөм коллажга алып келгенбиз. Андыктан Сооронкулованын чычалап, экинчи сын айтылса, сотко берем деген негизде коркутканы орунсуз экенин баса белгилеп кетели. Негизи өлкөгө зыян келтирип, мыйзам алдында жооп бербей башка мамлекеттерге качып кеткен кылмышка шектүү коррупционерлерге иштеп, алардын ишин алдыга жылдырып, аларга аюу кызматын кылып, укмуш мактагандарга да атайын мыйзам менен чара көрүлсө жакшы болмок. Депутаттар мына ушул маселе боюнча мыйзам жазышса жакшы болоор эле. Болбосо, бизде эгемендүүлүк алган жылдардан бери Кыргызстанды тоноп, сызга олтургузуп кеткен, элди атып, улут кызыкчылыгын сатышкан Акаев, Бакиев, Бабанов, Үсөнов, Шадиев, Мырзакматов сыяктууларды алардын акырынан жем жегендер, пайдасын көргөндөр укмуш коргоп, мактап жактап келатышат. Таза эмес, кылмышка шектүү адамды мактоо кайсы акылга сыят? Демек, бул маселени да терең ойлонууга мезгил жетти.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: