Menu

Кыргызстандын жана Польшанын ТИМ Башчылары эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы контакттарды бекемдөө маселесине өзгөчө көңүл бурушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 25-сентябрь күнү Нью-Йорк шаарында БУУ БАнын 74-сессиясынын аянтчасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Польша Республикасынын Тышкы иштер министри Яцек Чапутович менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

40 млн.евро өлчөмүндөгү польшалык жеңилдетилген кредитти ишке ашыруу жана экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы контакттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны бекемдөө, парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүү максатында, Министр Ч.Айдарбеков өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоого ишеничин билдирип, кезектеги саясий консультацияларды өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле «Борбордук Азия-Вышеграддык төрттүк» өз ара аракеттенүү форматында алдыда боло турган биргелешкен иш-чаралар талкууланды.

Ачык жана конструктивдүү маекте эл аралык жана регионалдык күн тартибинин негизги аспекттери, анын ичинде, БУУ, ЕБ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын аянтчасында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашылды.

Польша тарабы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары аткарып жаткан иштери, ал эми кыргыз тарабы БУУнун адам укуктары боюнча Кеңешине мүчө болгондугунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Ч.Айдарбеков кесиптешин Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: