Дүйшөмбү, 23-сентябрь күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын аянтчасында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун өнүгүү программасынын (ПРООН) Администратору Ахим Штайнер менен жолукту. Жолугушуу кыргыз тарабынын демилгеси менен болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстан менен ПРООНдун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу, атап айтканда, туруктуу өнүгүү Максаттарын ишке ашыруунун жана 2030-жылга чейинки тийешелүү Күн тартибинин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
ПРООНдун Кыргызстанга жардам берүүсүнүн приоритеттүү багыттарын ишке ашыруу боюнча пикир алмашылды.
БУУнун мекемелери тарабынан КРга 2018-2022-жылдарга жардам көрсөтүү Алкактык негиздерин (ЮНДАФ) Министр оң баалап, ЮНДАФ линиясы аркылуу 92 млн.АКШ доллары тартылгандыгына ыраазычылык билдирди жана биргелешкен аракеттер аркылуу ЮНДАФтын гранттык салымы мындан аркы ишке ашыруу мөөнөттөрүнө толук бөлүнүп берилээрине ишеним билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ