Ишкер жана меценат Азат Исакунов таажывирус менен күрөшүү үчүн 15 миллион сом бөлүп берди. Ал бул тууралуу өзүнүн видеокайрылуусунда айтты.
“Бүгүн биздин мамлекет оор акыбалга туш келди. Таарынычтарды, ишенбестиктерди четке кагып, мамлекетке бирдиктүү жардам көрсөтсөк деп суранып кетет элем. Бүгүнкү эпидемиялык абалды эске алып, өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан мамлекетибизге 15 миллион сомду жардам катары берүүгө туура көрдүм. Анын 10 миллион сомун мамлекет тарабынан түзүлгөн фонддун эсебине которулат. 5 миллион сому өмүрлөрүн тобокелдикке салып, обсервацияларда кызмат өтөп жаткан медицина, милиция жана өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлерине которулат” – деди Азат Исакунов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ