2020-жылдын 4-12-январь күндөрү КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Орусия Федерациясынын илимдер академиясынын академиги Сабырбек Жумабеков Орусиянын травматология жана ортопедия борбордук институнун директору Николай Загародный менен биргеликте жумушчу сапар менен Кытай Эл Республикасында болду. Алар Кытайдын Шанхай, нанин, Фанченган жана Пкин шаарларынын алдыңкы клиникаларында болушту. Кыытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин тапшырмасы менен Фанченган шаарында 2000 кишиге ылайыкташкан, алдыңкы технологиялар менен жабдыла турган жаңы медициналык инновациялык борбор курулуп жаткан экен.
Дал ушул Фанченган шаарынын мэри академик Сабырбек Жумабековду медициналык өнүгүү боюнча кеңешчиси кылып дайындады, ал эми шаардын элдик өкмөтү Биринчи шаардык ооруканынын травматология жана ортопедия боюнча башкы адиси кылышты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ