2017-жылдын 26-август күнү болжол менен саат 21:30 чамасында, Ноокен районунун Беш-Жыгач айылынан 20-25 жаштагы бейтааныш жаран, О.С. аттуу жергиликтүү тургунду «Хюндай Портер» үлгүсүндөгү автоунаасын айылдын тааласына жалдап айдатып барып, ашкана бычагы менен коркутуп, автоунаасынын ачкычын берүүсүн талап кылган. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу автоунаасынын эшигин жаап жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен.
Ал эми шектүү автоунаанын техпаспортун, айдоочулук күбѳлүгүн, жарандык паспортун алып кетип калган.
Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары ушул районго караштуу Мамбеков айылынын 21 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш- жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ