Ш.Мирзиёев Өзбекстанды башкарган бир жылдын аралыгында кошуна мамлекеттин ички, тышкы саясаты бир топ өзгөрүп, алгылыктуу иштер жасалууда. Алсак, мурда темир тосмо, тикенек зым, аң казылып тосулган кошуналар менен чек аралар акырындап ачылып, соода-сатык, маданий алака-катыштар да жанданууда. Өзбекстандын президенти алгач биз менен мамилени жакшы жолго коюп, 150 чиновниктер менен искусство ишмерлеринен турган жоон топ делегацияны Ошко жибергендиги кыргыз элине, мамлекетине болгон чоң сый-урматтын белгиси. Чет элдик президенттерден да алгач А.Атамбаевди кабыл алган. Быйылкы туристтик маалда Ташкент-Тамчы учагы каттап, көгүлтүр Көлүбүзгө ашыналар келип эс алып жатышат. Кыргыз-өзбек мамилесинде көйгөйлүү жагдай болгон чек араларды тактоо иштери да 26 жылдан кийин ордунан жылып, дээрлик 84% бүтүп калгандыгын ушул жумада Өзгөндө жүрүп президентибиз өзү айтты. Эми мына ушул жана башка эки тараптуу бир топ келишимдерге келерки жумада Бишкекке расмий иш сапары менен келери күтүлүп жаткан Ш.Мирзиёев өзү кол коймокчу. Ылайым базары менен базары бир, кылымдар боюу ынтымакта жашап келаткан эки элибиздин ынтымагы бекемделип, соода-сатыгы бекемдей берсин.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ