Menu

Видео – Роза Отунбаева: “Райымбек Матраимовдун күнөөсү тоодой. Аны Жээнбеков жутуп отурду, факты бергиле деп”

Бөлүшүү:

Райымбек Матраимовдун күнөөсү тоодой. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева журналист Майраш Базлакуновага берген маегинде билдирди. Маектешүү Ютуб каналдардын бирине жарыяланган.

Экс-президент өлкөдөгү учурдагы кырдаалга токтолуп, парламент референдум өткөрүүгө укугу жок экендигин белгиледи. Ошондой эле ал шайлоодогу массалык мыйзам бузууларга учурдагы чакырылыштын депутаттары жооптуу экендигин эске салды.

Анын айтымында, бийлик экономиканы калыбына келтирүү, пандемия менен күрөшүү жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү керек.

Роза Отунбаева Баш мыйзамды өзгөртүүдө жаштардын пикири эске алынбай жаткандыгын белгиледи.

“Конституциялык кеңешмеде улгайган адамдар көп, ал эми жаш муун жаңы Конституция менен жашашат. Демек, алардын пикири эске алынышы керек”, – деди ал.

Ошондой эле маек берип жатып Роза Отунбаева Матраимов жөнүндө айта кетти.

“Райымбек Матраимовдун күнөөсү тоодой. Сооронбай Жээнбеков аны жөн эле жутуп олтурду. Факты бергиле деп. Толуп жаткан материалдарды алып келип беришти. Түрмөгө отургузбай, үйүнө отургузушту. Үйү беш жылдыздуу эле болуш керек. Айдын аягында 2 миллиард төлөп берет деди эле. Анын дайыны жок болуп жатат. Ошондуктан келечекти көрөбүз”, – деди Отунбаева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: