Menu

АКШ элчилиги: Каржы министрлиги Раимбек Матраимовго карата санкция киргизүүдө

Бөлүшүү:

Коррупция менен күрөшүүнүн Эл аралык күнүндө Глобалдык Магнитский тизмеси коррупциянерлерди жана алардын байланыш чөйрөсүн тизмектейт. Бул тууралуу 9-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн эл аралык коррупция менен күрөшүү күнүндө АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офиси (OFAC) Африка жана Азиянын айрым мамлекеттериндеги жемкорлорду жана алардын байланыш чөйрөсүн көзөмөлгө алып жатканын белгиледи. Бүгүнкү аракеттер Магнитский актысынын адам укуктарынын глобалдык жоопкерчилин камтыган №13818чи буйрукка ылайык жасалууда жана анын аткарылышы көзөмөлгө алынып, коррупциялык иштерге катыштыгы бар адамдарга багытталган.

“Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнүндө АКШнын каржы министри Африка жана Азиядагы коррупциянерлерге көңүл буруп, аткезчилик жол менен элдин эсебинен байып, кызматын кыянаттык менен пайдалангандарды көзөмөлгө алат”,- деди каржы министри Стивен Мнучин.

Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнү 2003-жылдын 31-октябрындагы БУУнун генералдык ассамблеясы тарабынан кабыл алынган коррупциялык иштерди коомчулукка ачыктоо боюнча конвенция кабыл алгандан тартып, жыл сайын 9-декабрда белгиленип келет. Азырынча БУУКка 186 өлкө кол койгон. Коррупциялык көрүнүштөргө каршы кабар таратуудан тышкары, Каржы министрлиги мыйзам үстөмдүгүн, жоопкерчиликти жана айкындуулукту жогорулатуу үчүн өз механизмдерин ишке ашырат. Бул белгилөөлөр менен, Каржы министрлиги жемкорлукка тиешелүү кемчиликтерди жоюу максатында бардык өкмөттөрдү кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы иштерин жүргүзүүгө жана терроризмди каржылоого бөгөт коюудагы реформаларын ишке ашырууга үндөйт.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ КОРРУПЦИЯ: Райымбек Матраимов

Райымбек Матраимов (Матраимов), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, кеминде 700 АКШ долларын аткезчилик жолу менен Кыргыз Республикасынан алып чыгуу схемасына катышкан. Схема бир компанияны колдонуудан жана ага бажы төлөмдөрүнөн качуусуна жол берүүдөн турган. Ал компания бажы кызматкерлерине пара берген соң, бажы кызматкерлери кымбатыраак товарлардын баасы арзаныраак товарлар катары каттап компаниянын кирешесинин эбегейсиз өсүшүнө себепкер болушкан. Андан тышкары, компаниянын товарлары бажы терминалдарынан башка компаниялардын товарларына караганда тезирээк өткөн. Бул компанияга тиешеси жок, пара бербеген башка компаниялардын товарлары көп учурда тыгыз көзөмөлдөн өткөрүлүп, оор жүк ташуучу унаалардан түшүрүлүп бажы кампаларында апталар, болбосо айлар бою тура берген. Матраимов кызматынан пайдаланып аталган компаниянын товарларын КРнын чек араларынан кынтыксыз өтүшүн камсыз кылган.  Матраимов компаниядан түшкөн параны топтоо жана бөлүштүрүү ишин алып барган. Мындан тышкары, Матраимов бул компанияга курьерлер аркылуу накталай каражаттарды аткезчилик жолу менен чыгарып кетүүгө жардам көрсөтүп келген. Кыргызстандын укук коргоо органдары аэропортто ири суммада накталай акча ташып жаткан курьерлерге жакындаганда, алар саякаттарын улантуу үчүн Матраимовдун атын колдонушкан. Матраимов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан пайдаланып бул бажы схемалары аркылуу жүздөгөн миллион доллар киреше тапкан.

Матраимов жемкорлук, анын ичинде мамлекеттик активдерди мыйзамсыз ээлеп алуу, өз кызыкчылыгы үчүн жеке менчик активдерди тартып алуу, мамлекеттик келишимдер же кен байлыктарды иштетүүгө байланышкан жемкорлук, паракорчулук менен же түз же кыйыр алектенген, же аларга жооптуу же катыштыгы бар учурдагы же мурдагы мамлекеттик кызматты ээлеген чет элдик жаран деп белгиленди.

Санкциялардын кесепеттери

Бүгүнкү иш-аракеттин натыйжасында АКШда жайгашкан же АКШ жарандарынын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк жана кызыкчылыктарына арест салынат жана алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилүүгө тийиш. Буга кошумча катары, камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50 пайыз же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактарга да арест салынат. Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисинин өзгөчө же жалпы түрдө берген лицензиясы аркылуу күчкө ээ болуп, же башка түрдө бошотулбаса эле, Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисинин мыйзамдык актылары АКШ жарандарына же АКШнын ичинде жашап жаткан же транзит кылып жаткан жарандарга белгиленген же башка түрдө санкцияга учураган жарандардын кандайдыр бир мүлкүн же мүлккө болгон кызыкчылыктарын камтыган транзакцияларга тыйуу салат. Бул тыйуулар санкцияга учураган адамдан кызмат көрүүнү, ага же анын кызыкчылыгына кызмат көрсөтүүнү, каражат же товар менен камсыз кылууну жана ошондой эле андай адамдан ар кандай кызмат, салым, каражат же товар алууну да камтыйт.

Магнитский акт

Магнитский акт адам укуктарын жана мыйзамдарды бузган адамдарга карата санкцияларды киргизүүгө укук берген АКШда кабыл алынган мыйзамдын аталышы. Бул акттын негизинде АКШ президенти 2017-жылы 20-декабарда №13818 аткаруу буйругуна кол койгон. Ага ылайык, Кошмо Штаттары адам укуктарын бузгандарга же жемкорлукка аралашкандарга чара көрүү максатын көздөйт. Ал булактары АКШдан толугу менен же толук эмес түрдө тышкары болгон адам укуктарын бузуу жана коррупциялык иштердин жайылышы күч алып, эл аралык саясий жана экономикалык системага коркунуч жаратууда. Коррупция адам укуктарын бузуу жана туруктуу, коопсуз жана өнүгүп жаткан коомчулуктун баалуулуктарын үзгүлтүккө учуратып, адамдарды бөлүп-жарууга дуушар кылып, демократиялык институттарды алсыздандырып, мыйзамдын күчүн жокко чыгарып, зомбулук конфликттерин өрчүтүп, коомго зыян алып келчү адамдарды өстүрүп, экономикалык рынокту кыйроого алып келет деп белгилеген. АКШ ким адам укуктарын бузуп жана коррупциялык иштерге аралашкан болсо, катуу чара көрүү, ошондой эле бул тараптардын АКШнын финансылык системасына келтирчу зыяндардан коргоо максатын көздөйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: