Menu

Өлкөгө Ирандан 5 мекендешибиз жана гуманитардык жүк келди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткаруу максатында, чек аралар убактылуу жабылгандыгына жана эл аралык аба каттамдарынын токтогондугуна, ошондой эле коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу кабыл алынган карантиндик чаралардан улам чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын алып келүү иштеринин алкагында Иран Ислам Республикасынын Мешхед шаарынан Бишкекке чартердик аба каттамы менен беш мекендешибиз жана гуманитардык жардам келди.

Гуманитардык жүктү берүү расмий салтанаты «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри – өкмөттөр аралык эки жактуу комиссиянын кыргыз тарабынын тең төрагасы Жанат Бейшеновдун жана Кыргыз Республикасындагы Иран Ислам Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харазинин катышуусунда өттү.

Берилген гуманитардык жардам жеке коргонуу каражаттарынан (беткап, кол кап, кийим, коргоочу көз айнек), дары-дармектерден турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдө коронавирус эпидемиясын жеңүүгө өбөлгө түзө турган гуманитардык жардам үчүн иран тарапка ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишеним көрсөттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: