Menu

Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы парламенттеги орундардын көбүнө ээ болду

Бөлүшүү:

Грузия БШКсынын башчысы Тамар Жвания

Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен 150 мандаттын 90уна ээ болду. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун грузин кызматы билдирди.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын 3-декабрда жарыялады. Оппозиция добуш берүү күнү көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдирип, анын жыйынтыктарына каршы нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Сегиз партия өздөрүнө тийген 60 мандаттан баш тартып, мыйзам чыгаруу жыйынынын жаңы курамына кирбей тургандыктарын билдиришти.

Бейшемби күнү оппозициялык партиялардын сунушу менен келген БШК мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып, жыйындар залынан чыгып кетишкен. БШКнын башчысы Тамар Жвания оппозиция өкүлдөрү 2016-жылдагы шайлоодон кийин да жыйынтыктоочу протоколго кол коюшпаганын, бирок бул парламенттин иштешине тоскоол болбогонун билдирди.

Оппозициялык күчтөр Жваниянын кызматтан кетишин жана жаңы шайлоонун дайындалышып талап кылууда. Өкмөт менен оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөр АКШ жана Европа биримдигинин ортомчулугу менен өтүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: