Menu

Казакстанда суукта калган кыргызстандыктар куткарылды

Бөлүшүү:

Казакстандын Акмоло облусунда Алматы-Екатеринбург трассасында кыргызстандыктар түшкөн автобус бузулуп калган.

«Казинформ» маалымат агенттиги кабарлагандай, автобус Жалал-Абад-Пермь-Москва багыты боюнча бараткан. Анын ичиндеги 21 кишинин баары кыргызстандык болуп чыкты.

Алардын баары аман-эсен. Сууктан үшүп калган жүргүнчүлөр Астраханка айылындагы жылытуу пунктуна жайгаштырылган. Алар жолго качан чыгары кабарланган жок. Кыргызстандын тиешелүү мекемелери да бул маалымат тууралуу комментарий бере элек.

Казакстанда азыр суук күчөп турган кез. Казгидромет 26-январга чейин өлкөнүн айрым жерлеринде сууктун күчү күндүз -35, түнкүсүн -45 градуска чейин жетерин билдирген.

Өкмөттүн тапшырмасы менен Казакстанда кан жолдордун боюна жолоочулар үчүн жылынып, ысык тамак иче турган убактылуу жайлар уюштурулган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: