Menu

ИИМдин Академиясынын 1-курсунун курсанттары Россия Федерациясына билим алууга жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

2017-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясына тапшыруу сынактарынан ийгиликтүү өтүп, 1-курска кабыл алынган 15 курсант Россия Федерациясынын ИИМдин ЖОЖна билим алуу жөнөтүлөр алдында Мекени алдында ыйык антын беришти. Бул туурасында ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу иш-чарага курсанттардын ата-энелери, туугандары ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышышты.

ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги А. Бийбосунов курсанттарга каалоо-тилек айтып жатып, аларды: “Берген антыңарга бек болгула. Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Мыйзамдарын талаптагыдай так аткарып, адамкерчилик жана кесипкөйлүк менен мамиле жасап, татыктуу билим алып келгиле. Анткени, Россия Федерациясынын ЖОЖна билимдүү Кыргызстандын жүзүн көрсөтүүгө жөнөп жатасыздар”, -деп белгилеп кетти.

Өз кезегинде курсанттардын ата-энелери дагы сыймыктануу жана кубануу менен уул-кыздарын куттуктап, антка бекем болгула деген каалоолорун билдиришти.

Иш-чара курсанттардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: