Menu

Иса Өмүркулов: “Ал мен эмес. Үндү экспертизага берсеңер да болот”

Бөлүшүү:

– Иса Шейшенкулович, Жогорку Кеңеште импичмент маселеси көтөрүлдү. Буга кандай негиздер болушу мүмкүн?

– Импичмент маселесин көтөрүү орунсуз. Ага азыр эч кандай негиз жок. Президентке импичмент жарыялоо, ишеним көрсөтпөө тууралуу айтып жаткандар жөн эле элди козутуп, бийликке карама-каршы коюп, үгүттөп атышат. Бул жерде маселе башкада. Айрым ММКлардын иликтөөсүндө айтылган контрабанда маселеси талкууда. Муну эч ким каткан жок. Анүстүнө азыркы бийлик аларды таза изилдөөгө кызыкдар. Ошон үчүн контрабанда маселесин толугу менен иликтеп, элге так, жеткиликтүү маалымат бериш керек. Ал жерде эмне болуп жатат, эмне бар, эмне жок, эл билүүгө тийиш. Бажыдагы жана башка көмүскө жактардагы контрабандалык иштерди иликтөө үчүн депутаттык комиссия да түзүлдү. Комиссия иштеп баштады. Баарын көзөмөлгө алат, ишти аягына чыгарганга кылдат иштейт деп ишенем.

– «Азаттыктын» иликтөөсүнө карата сиздин оюңуз кандай?

– Менин оюмча, «Азаттыктын» иликтөөсү бир беттүү болуп калды. Кечээ коомдук 1-каналда «Ой ордо» берүүсүнө «Азаттыктын», 5-каналдын жетекчилери жана серепчи Молдалиев аксакал катышты. Талкууда жакшы пикирлер айтылды. Негизи, иликтөө эле эмес, маалымат катары жазылган макалада деле бир беткей болбой, эки жактын тең ою камтылышы, чагылдырылышы керек. Журналисттин милдети – маалымат берүү. Тилекке каршы, журналисттердин көбү азыр маалымат менен кошо багыт да берип жиберип атасыңар. Бул туура эмес. Калыс маалымат берилсе, ар бир жаран өзү салмактап алат.

– «Контрабанданын баары, бажыдагы коррупциянын баары 2017-жылга чейин болгон, азыр жок» дегендердин катарындасызбы сиз да?

– Контрабанданын баары 2011-жылдан 2017-жылга чейин болсо, мурунку айтылып жаткан ысымдар, сүрөттөрү менен коомчулукка жарыяланып жатса, анан кантип азыркы бийликке күнөө жабылышы керек? Бул жерде элди акырын, маданияттуу түрдө азыркы бийликке тукуруу болуп жаткандай.

– Аянтка митингге чыккандар ошол контрабандага, коррупцияга бийлик көңүл бурушун талап кылып чыгышпадыбы…

– Митингдерди абайлаш керек. Эң коркунуч ушул митингдерден чыгат. Мен 2006-жылдан 2010-жылга чейин митингдерде жана жаштар арасында жүрдүм. Чагымчылдар болот, ар кандай максаттары бар жаш эле балдар атайылап дүрбөлөң салып, чатак чыгарганга аракет кылышат. Ар бир ишке реалдуу караш керекпиз. Учурда мамлекетте туруктуулук өкүм сүрүп турат. Бизге азыр чыр-чатак, башаламандык керекпи? Жетекчилик иштеп жатат. Эгер такыр эле чара көрбөй, көз жумуп коюп жатса, анда эл нааразы болуп көчөгө чыкса жарашат. Бирок азыр андай жок да, таза иштеп жатышат…

– Журналисттер сизге телефон чалганда өзүңүз алып, «жардамчысымын» деп жооп бергениңиз, үнүңүз менен интернетке чыгып кетпедиби. Эмнеге качасыз?

– Мен дайыма телефонду алам, эгер калтырып чыгып кетпесем. Ал жолу чындап эле жардамчым алган, ал сүйлөшкөн, мен эмес. Үндү экспертизага берсеңер да болот.

Динар Турдугулова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: