Menu

Фотобаян – Президент Сооронбай Жээнбеков «Чыңгыз-Ордо» музей-комплексинин курулушу пландаштырылган Чыңгыз Айтматовдун Талас облусундагы Шекер айылына барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айылы Шекерге барды.

Мамлекет башчысы «Чыңгыз-Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплекси курула турган жерди карап чыгып, парк жана музейдин объектилеринен турган болочок комплекстин эскизи менен таанышты.

Долбоор боюнча маалыматты КР маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов жана КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев беришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүт дүйнөдө жана анын ичинде Кыргызстанда да быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жатканын айтты.

«Кыргызды дүйнөгө „Манас“, анан Чыңгыз Айтматов таанытты. Биз улуу жазуучубуз менен сыймыктанабыз. Бул комплекс „Манас Ордо“ комплексиндей эле руханий жайга айланып, бүт дүйнөдөн улуу жазуучунун талантын урматтаган адамдар келет деп ишенем», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Комплекс курула турган жерде Президент Сооронбай Жээнбеков  ошондой эле жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты.  Айылдыктар Мамлекет башчысынан бул долбоорду ишке ашырууну өз көзөмөлүнө алып, аны аягына чыгарууну суранышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: