Menu

ИИМ: Опузалап коркутуу менен бирөөнүн $7000 акчасын алып коюшкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Бөлүшүү:
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне Бишкек шаарынын Б.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган, себеби 2017-жылдын март айында Бишкек шаарынын Сүйөркулов жана Тыныстанова көчөлөрүнүн кесилишинде чала тааныш адамдар коркутуу менен күч колдонуп 7000 АКШ долларын алып коюшкан ( Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын ошол маалдагы курсу боюнча 484820 сомду түзгөн). Айтылган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.
ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам аракеттеринин натыйжасында, 1989-жылы туулган М.А. жана 1989-жылы туулган Б.Б. аттуу Ысык-Көл облусунун тургундары кармалышкан.
ИИМдин КМКнын маалыматына караганда жогорудагы кылмышкерлер уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турушат.
Кармалгандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалган, учурда алардын башка кылмыштарга тиешесин  аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: