Menu

Аида Салянова, экс-генпрокурор: “”Мегакомдо” жети пайыз эмес, 0,07 пайыз да акциям жок”

Бөлүшүү:

– Аида Жеңишбековна, акыркы кездерде сиздин дарегиңизге карата ар кандай каралоолор күч алды. Мунун себеби эмнеден деп ойлойсуз?

– Бул биздин карманган позициябызга байланыштуу да. Тилекке каршы, бул каралоолор бийлик тараптан болуп, жалган маалыматтарды таратуу менен алек болушууда. Кармана турган аргументтери жоктугунан ушундай болуп жатса керек. Себеби, биз көп эле меселелер боюнча бийликке жакпаган позиция менен чыгып жатабыз. Анын ичинде Конституцияга байланыштуу. Ошон үчүн каралоо кампаниясы улам бир позицияны билдиргенде жаңы толкун болуп чыгып жатат.

-«Мегаком» боюнча маалыматтар да ошого байланыштуу дейсизби?

-Сөзсүз түрдө. Анткени муну ким жазып чыкты? Бийликке жакын «Вечерний Бишкек» гезити. Кайсы телеканал көргөздү? КТРК. Бир нече жолу кайталап көргөздү. Ким жазып, ким көрсөтүп, кайсы ЖМКлар аркылуу тираждалып жатканынан эле буга кайсы күчтөр кызыкдар экенин билсе болот.

-Андай олуттуу айыптоо жөн эле жерден чыкпашы керек го…

-Мен да ошого таң калып атам. Акыл-эси ордунда адам кичине бир нерсеге негизденип, таянып алып чыгарышы керек эле да. «Салянованын «Мегакомдо» акциялары бар экен» деген маалыматты Панама ишине байлап коюшуптур. Ал маалымат кыргыз бийлигинде эмес. Аны тастыктай турган башка адамдар. Панама файлына кимдин кирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин мен билбейт экенмин. Мен кийин кызыгып алган маалымат боюнча, АКШда кээ бир гана уюмдардын кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал жөнүндөгү маалыматтар да ошол уюмдар аркылуу таркайт экен. Каалаган эле адам, же каалаган эле өкмөт «момундай экен» деп айта албайт. Ал маалыматтар кандайча чыгарыларынын да өзүнүн жол-жобосу бар. Ме­нин «Мегакомдо» эч кандай акциям жок экени эртең баары бир тастыкталат, калп экени билинет да. Бир мамлекет болобу, же уюм болобу алып чыгат. Анан бийлик анын эч нерсеге негизделбеген жалган маалымат экенин билип туруп жарыялап жатканы таң калыштуу…

-Сиз аларга карата кан­дай жооп берейин дейсиз? Себеби, эл арасында «Салянованын «Мегакомдо» акциясы бар тура» деген пикир түзүлүп жатат да?

-«Буга бир чети жиниң келет, бир чети күлкүң келет» дегендей маалымат болуп жатат. Биз фракциянын атынан «Вечерний Бишкек» гезитин сотко берүүнү чечтик. Мен ошол маалымат жарыяланган күнү эле Жогорку Кецештин жыйынында маселе көтөргөм. КСДП фракциясынын депутаттары «комиссия түзөлү» дешти. Баары бир жыйынтык биз үчүн жаман болбойт. Себеби, ал комиссия деле бир нерсеге негиздениши керек. Ал чечим тарыхта калат да, туурабы? «Кимдир бирөөнүн заказын аткарабыз» деп эле таптакыр жалган жалаа жабышса өздөрү эле оңтойсуз абалда калышарын билишет. Бирок, комиссия убакытты чоюп, создуктуруп кете берет. Ошон үчүн мен айтпадымбы, келгиле, бүгүн эле өкмөттү, мамлекеттик мүлк фондусунун өкүлдөрүн чакыралы. Кимдин кайсы жерде канча акциясы бар экенин келип айтып беришсин. Мисалы, менин «Мегакомдо» жети пайыз эмес, 0,07 пайыз да акциям жок. «Мегаком» эле эмес, башка акционердик коомдордо, жеке менчик ишканаларда деле бир пайыз акциям, бир тыйын акчам жок да. Бирок, тилекке каршы, менин ал сунушум өтпөй калды. Эгер КСДП кызыкдар болсо, колдоп добуш беришип, мамлекеттик мүлк фондусунун өкүлдөрүн чакырышпайт беле? Демек, кимдир бирөөлөр маалымат тастыкталбай эле элдин башын айлантып, ушактын деңгээлинде тегеренип жүрө бергенине кызыкдар экен.

Керим МУРАС

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: