Menu

Жогорку сот өмүр бою кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карамай болду

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 17-январда анын жактоочусу Валерьян Вахитов билдирди.

Анын айтымында Базар-Коргон райондук соту бардык документтерди Жогорку сотко жөнөткөн. Азимжан Аскаров аны өмүр бою кескен Чүй облустук сотунун өкүмүнө макул эмес. Сот адам укугу боюнча БУУнун Комитетинин сунушун аткарбай койгон. Демек, өкмөт бир катар эл аралык келишимдерди бузган болуп калат.

“Ал эл аралык милдеттенмелерди аткарууну талап кылып, түз эле премьер-министрге кайрылган, бирок анын кайрылуусу негедир акыйкатчынын аппаратына жөнөтүлгөн. Мен коргогон тарап абдан нааразы болууда. Акыйкатчы өкмөттүн бөлүгүнө кирбейт”, – дейт жактоочусу. Эми сот отурумдары февралда башталат экен. Азимжан Аскаров Акыйкатчыга өзүнчө кайрылуу жасап, ага карата өкүм мыйзамсыз жана басым жасоо менен чыгып, аны жокко чыгаруу керектигин талап кылган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 2-декабрында Жогорку сот бир катар эпизоддорду кайра карап, кээ бир беренелер боюнча өкүмдү жумшарткан. Бирок “Киши өлтүрүүгө катышуу” беренеси күчүндө калып, өмүр бою кесүү мөөнөтү өзгөртүлбөгөн.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы өлкөбүздүн түштүгүндө болгон июнь окуяларында улут аралык касташуу жаратып, милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деп айыпталган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: