Menu

Адылжан Жажанов: “Колу тазанын, жолу таза”

Бөлүшүү:

Ошентип жаңы кара кийик жылына кадам таштаганы отурабыз. Өткөн жыл эмнеси менен айырмаланды? Эгемендүу Кыргызстаныбызда кандай өзгөруулөр болууда? Жаңы бийликтин алгачкы кадамдары кандай? Карапайым элдин жашоо-турмушу оңолуп жатабы? Бей-бечараларды, жетим-жесирлерди, майыптарды башынан сылап кабар алгандар барбы? Ушул ойлор мени абдан туйиюлтуп, пикир бөлушуугө, көз-карашымды билдируугө ундөйт.

Эгемендүүлүктүн чейрек кылымдан ашуун мезгилинде тоолуу жергебиз өз алдынча көз карандысыз мамлекетке айланып, сакталып калганы бул улуу утук! Бирок Кыргызстан ачыгын айтсак, мамлекет башчыларына, президенттерге жарыган жок. Тунгуч президент, окумуштуу Аскар Акаев менен өндүрүшчү Курманбек Бакиев эл алдында ширин сөздөрдү айтышканы менен балдарын, инилерин, балдыздарын бийликке аралаштырып, жаш өлкөбүздү талкалап, талап-тоноп акыры экөө тең чет мамлекетке качып кутулушту. Азыр армандары аттын башындай, киндик каны тамган мекенине келе албай мусапырчылыкта жүрүшөт. Алмазбек Атамбаев болсо чаржайыт ойлору, күтүүсүз сөздөрү менен президенттик бийликтин кадыр-баркын түшүрүп, кошуналар менен мамилени бузуп салды. Айлана тегерегине кесипкөй кадрларды эмес, шоопурун, катчысын, кампачысын, жан сакчысын топтоп алып коррупциянын түбүнө батты. Анын тушундагы үлкөн бийликтеги кадрлар, өкмөт башчысы, ордо калаабыздын мэрлери, депутаттар канча азап менен тыйындап жыйылган эл мүлкүн, чет элдик инвестицияларды сугунуп ийишип, мына эми «колу менен жасаганды башы менен тартышып» абакта отурушат. Эгерде алар таза иштешкенде мынчалык чуу, сенсация болбос эле. Эми сот процесстери акырындап аягына чыгып, мыйзамдын негизинде жазаланышат. Менимче бул жерде эч кандай кек алуунун жыты да жок. Уурдадыңбы жооп бер деген гана принцип.

Ал эми-жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлик башына келгенине бир жылдан ашты. Бул аралыкта ал бир топ кадамдарды жасап, стратегиялык мааниси бар программаларды кабыл алды. Республикабыздагы мурдакы жетекчилер, жаштар, ишкерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, атүгүл жыйынтыктоочу пресс-конференцияны да ийгиликтүү өткөрдү. Азыркы учурда ачыгын айтсак, С. Жээнбековго өзүнүн мурдакы партиялашы, досу, инаугурацияда ак батасын берип, атүгүл ыр жаза салган Алмаз Атамбаев жана аның тарапташтары тарабынан аябай катуу каршылыктар болуп жатат. Мунун өзү туура эмес. Кылмыш жасагандар жазаланууга тийиш.  Жаңы президенттин өзүнчө максаты, ой-тилеги, программасы бар. Мурунку көчтүн туура эместиги тастыкталган соң аны кантип улантууга болот? Өзүнчө жол салуу, коомду жегичтерден тазалоо абзел.

Сооронбай Шарипович дили, ниети таза, арам иштерге аралашпаган, карапайым, компетенттүү, мээнеткеч, максатынан, алган багытынан тайбаган таза жетекчи деп ойлойм. Анын өмүр жолуна саресеп салсак бийликтин бардык бутактарында жакшы иштеп, артынан жаман сөз ээрчитпептир. Ушунча жыл иштеп жүрүп бир да жолу ал туурасында жаман сөз укпадык. Бардык нерсени терең ойлонуп, «жети өлчөп, бир кесип» дегендей калыстыгынан тайбаган элдик президент болду. Анын адамдык сапаттарын Исхак Раззаков, Апсамат Масалиев, Султан Ибраимов өңдүү насили таза, Ата Журттун кызыкчылыгын баарынан жогору койгон легендарлуу жетекчилерге окшоштурамын. Биз буюрса жакшы башчыга эми туш болдук. Эл учкан самолетто учушу, байбичесинин жакшы мүнөзү, карапайымдыгы, бир жылдан бери бир дагы инисин же тууганын, куда-сөөгүн бийликке аралаштырбай таза келатышы калайыктын көңүлүнө төп келип отурат. Инилери кайсы гана кызматты болбосун тартып кете алгандыгына карабастан, аларга жаман сөз илештирбей келет. Президент кайсы мамлекетке барбасын өзүнүн токтоолугу, салабаттуулугу менен тил табышып, Кыргызстандын келечеги үчүн бардык күч аракетин жумшап ак ниеттен иштеп жатат. Демек, эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркы да аста-секин өсүп келет.

Мына узап жаткан жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Бул абдан актуалдуу маселе болчу. Алыскы аймактар өнүкмөйүн республикабыз өнүгө албайт. Ар кайсы аймакта колунан келишинче мектептер, бакчалар, ооруканалар курулуп, жолдор оңдолуп элеттиктердин маанайы жакшы. Ал эми коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүн карапайым калк ар тараптан колдоп жатат. Биз он жылда таба албаган акчаны мамлекеттик айрым чиновниктер бир күндө эле кекиртегинен жутуп койсо кайдан өнүгүү болсун? Муну турпаты менен сезген мамлекет башчы ишти ушундайча баштап саз кылды. Бөтөнчө бажы, салык, укук коргоо тармагындагы кээ бир замандаштарыбыз жалаң акчаны ойлоп, дүнүйөпараз болуп алышып, бардыгын акча менен гана ченеп калышканы биздин үлкөн трагедиябыз змеспи. Руханий баалуулуктар, кишинин ыйманы, адамкерчилик сапаттар кайда калды?

2019-жылды мамлекет башчысы «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп расмий түрдө жарыялады. Демек, президент өзүнүн алган багытын ырааттуулук менен улантып, элетти өнүктүрүүгө айрыкча көңүл бөлүп жатат. Муну калайык-калк ар тараптан колдоп кубатташы туурулуу иш.

Эми азыркы президентке каршы чыгып, ар кандай ушак-айыңдарды, калп материалдарды гезиттер, менчик телеканал аркалуу таркатып, элдин көзүн будамайлап жаткандар кимдер экенин акыл-эси бар окурмандар жакшы билишет. Камалгандардын туугандары, жек-жааты тим жатчу беле! Коррупцияга каршы күрөш өтө оор. Бирок максатынан жазбаган президенттин командасынын чечкиндүү аракеттери менен миллиондогон сомдор казынага түшүп, адилеттүүлүк орной баштады.  Жегичтер куса турган кез келди. Чет мамлекетке качып кеткендер да акырындап жазаларын алышат деген ойдобуз.

Өзү мамлекет башчысынын кандай иштеп жатканын карапайым элдин жашоо деңгээлинен, дарыгерлер менен мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин айлык акыларынын өлчөмүнөн, пенсиялар менен жөлөк пулдардын жетиштүүлүгүнөн байкайбыз. Чет жакка жөнөтүп жаткан экспорттук товарларыбыздын көлөмүнөн, эл арасындагы тынччылыктан, улуттардын биримдигинен байкайбыз. Менимче, азыркы учурда жогоруда аталган замандаштарыбыздын айлык акылары асманды чапчыбаса да акырындап аста-аста жогорулоо жолуна түштү. Пенсиялар да алыбызга жараша көбөйтүлүүдө. Элибизде «казанда болбосо, чөмүчкө чыкпайт» деген накыл кеп бар. Андыктан буюрса бюджетибизди толтуруп, казынага каражаттар көбүрөөк түшө баштаса абалыбыз дагы да оңолот. Ан үчүн биринчи кезекте эл ичинде ынтымак, биримдик керек. Түндүк-Түштүк, Чыгыш Батыш деп жерге, урууларга, улуттарга бөлүштүрүүнүн пайдасы таптакыр жок.

Мамлекет башчысынын өткөн жылдагы саясий жана экономикалык реформаларын толук бойдон колдоо менен кесипкөй журналист катары өз сунуштарымды билдирип коюуну туура көрдүм.

Биринчиден; өлкөбүздөгү административдик реформаны эртелетүү зарыл. Кичинекей Кыргызстанга жети облустун, кырк төрт райондун, беш жүздөн ашык айыл өкмөтүнүн зарылдыгы жок. Мүмкүн болушунча аларды бириктирип, кыскартсак мамлекеттин мойнунда же дотацияда отурушкан айыл өкмөттөр кыйла азаяр эле. Азыр жергиликтүү бийлик эч кандай маселени чечпей калды.

Экинчиден, ошол бириктирилген аймактарга мурдатан таза иштеп келген, билимдүү, маданияттуу кадрларды коюу керек. Аларды ротациялап Түштүктүн кадрларын Түндүккө, Түндүктүкүн Түштүккө коюп аралаштырса дурус болмок.

Үчүнчүдөн, коррупцияга каршы күрөш дагы улантылып, эми областтык, райондук жана айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде жүргүзүлсө бир топ уурулардын, жегичтердин, арамкорлордун жолун бууган болор элек.

Төртүнчүдөн, кадрларды тандоо критерийинде жаштар гана эмес улуулардын тажрыйбасы, иштемчилдиги да эске алынууга тийиш. Карылардын баарын эле четке сүрүп салсак болбой калат.

Бешинчиден, Кыргызстанда ысырапкерчиликке аябай көп жол коюлууда. Балдарыбыз канча кыйынчылык менен таап Россиядан жөнөтүп жатышкан пулдарын аябай бир күндө тойлорго чачып жок кыдып жатабыз. «Тартып жеген тай арттырат, коюп жеген кой арттырат» эмеспи. Аш-тойлордогу атаандашууну кыскартпасак биз ойдогудай өнүгө албайбыз. Ошондуктан коңшулаш Өзбекстан менен Тажикстандагыдай тойлорду кыскартуу боюнча президенттин Указы чыгарылып, ал жер-жерлерде аткарылуусу зарыл.

Азырынча ушундай ачык айкын сунуштарым бар. Менин жеке баамымда Кудай таала бизге ыраа көргөн Кыргызстанда алты миллион эмес алтымыш миллион адамды беймарал багып, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуусуна бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Алар жергебиздеги кен байлыктары, гидроэнергетикалык русурстар, туризмди өнүктүрүүнүн шарттары, тоо арасындагы таза мөмө-жемиштер менен жашылчаларды өстүрүүнүн келечеги. Эң башкысы адам ресурстары жетиштүү. Алдыдагы жаңы жылда ушул резервдер аракетке келтирилип, алга карай ишенимдүү жылыштар болсо экен деп үмүт кылам. Баарыңыздарды жаңы жылыңыздар менен куттуктап жакшылыктарды каалайм!

Булак:  «Ачык сөз»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: