Коомдук тартип бузгандар боюнча тиешелүү ыкчам иш-аракеттер уланууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 3-март күнү билдирди.
Кечээ, 2-мартта болгон митингдин айынан массалык баш аламандыктарга жол берген 166 жаран Бишкек шаардык милиция кызматтарынын башкармалыктарына жеткирилген. Алардын 162 менен тактоо, аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң койо берилди.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 264-беренесинин (массалык баш аламандыктар) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Аталган иштин алкагында 4 жаран камакка алынды. Мындан тышкары массалык баш аламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ