Menu

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: “Менин Кой-Таштагы ролум абалды курчутпай, сүйлөшүү жүргүзүп, тынчтыкты, балдарды сактап калууда болду деп ойлойм”

Бөлүшүү:

-Равшан мырза, 7-8-августтагы окуя болгондо Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө бөлөңиз?

-7-август күнү кечки саат тогуздарда интернеттен Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын кызматтын жоокерлери штурмга алып баштаганын көрдүм. Биз бири-бирибиз менен оппозициялык саясатчы катарында сүйлөшүп, иштешип калган адам катарында ошол жерге барып, окуяны өз көзүм менен көрөйүн, колумдан келишинче окуяны тереңдетпөөгө салым кошоюн деп бардым.

– Ошондо качан барып жатасыз?

– Биз караңгы кирип калганда бардык. “24.kg” маалымат агенттигинин журналисти Махинур Ниязова, “Факт-чек” уюмунун журналисти Болот Темиров, өзүмдүн досумду кошуп алып бардык. Атамбаевдин үйүнүн дарбазасына кирели десек, “Бул жерден кеткиле” деп автоматтан ок чыкты, “резина” же “боевой” экенин ачык билбейм. Журналисттер менен кошо артка чегинип, Атамбаевдин үйүнүн аяк жагындагы дубалга келип туруп калдык. Жыгачтардын баары кулаган экен. Элдин баары ызы-чуу болуп чуркап жүрүшөт. Ошол убакта жарадарларды алып чыгып жатыптыр. Бир убактан кийин эле “Спецназдын баары Атамбаевдин үйүнө кирип кетишти. Келе берсеңер болот, коркунуч жок” деп кыйкырык чыкты. Ошондон кийин Атамбаевдин үйүнүн короосуна кирдик.

– Сиз ошол жердегилер спецназдын балдарын барымтага алып алышкандан кийин кирип жатасызбы?

– Биз киргенибизде спецназдын балдары үйгө кирип, ызы-чуу болуп жатыптыр. Биринчи жолу үйгө кирейин дегенимде көп балдар киргизбей коюшту. Бир аздан кийин өздөрү киргиле деп айтышты. Үйдүн ичинен Ирина Карамушкинаны, Асель Кодуранованы, Фарид Ниязовду көрүп калдым. Баары балдарга тийбегиле деп чуркап жүрүшкөн. Атамбаевдин үйүнө киргенимде биринчи кабатта ондой слецназдын жигиттерин бир бурчка камап коюшуптур, экинчи кабатта атышуу болуп жатты. Атышуудан адам өлүмү болуп калбасын деп, спецназдын жигиттеринен “старший ким?” десем, бирөөсү “Менмин старший” деди. Атышууну токтотолу, адамдар бөөдө каза болуп калбасын десем, тигил жигит да тың экен, дароо эле макул болду. Ошол старший менен кошо экинчи кабатка чыкканга аракет кылдым. Бейбаш балдар көп да. Келип тийишкендер, түртүп кетип аткандар болду. Старший деген жигитке эч кимди тийгизбей, үстүңкү кабатка алып чыксак, экинчи кабат тынч экен. Ал жердеги бир бөлмөгө кирсек 10-15тей спецназдын балдарын бурчка такап коюшуптур. Старший жигитти дагы ошолорго коштук. Ошол жердеги балдарга колуңардан келсе спецназдын жигиттеринин кийимдерин алмаштыргыла дедик. Аскердик форманы чечип, жөнөкөй кийимдерди кийгизишти. Менитаа ныйсыңарбы?-деп сурасам, баары “Сизди тааныйбыз” дешти. Эмне керек?-десем, “Байке, суусап жатабыз, суу алып келип берсеңиздер…” деди. Суу табыш да кыйын болду. Бир бөтөлкө сууну араң таап келип, аларга суу ичирдик. Аларга эч кимди тийгизбөө үчүн бер жактагы балдардан койдук. Атышуу ошону менен токтоду.

– Атышуу үйдүн ичинде, биринчи кабатта эмес, үстүңкү кабатта болуп жатабы?

– Курал талашуу учурунда атышуу болсо керек. Биринчи кабатта 10-25 спецназ, экинчи кабатта дагы 10-15 спецназ камалып турат. Так санын айта албайм. Бирөөсүнүн абалы оор деп айтылып баштады. Ал бала биринчи кабатта болчу. Ирина Карамушкинага сиз ар бир баланы коштоп чыгыңыз, колубуздан келишинче ар бир баланы тез жардамга өткөрүп берели деп айттым. Тез жардамды чакыралы десек келе албайт, жолдун баары жабык. Балдарды чогултуп, Атамбаевдин үйүндөгү ылайыктуу килемдерге жаткырып, биринчи абалы оор деген балдарды Карамушкина коштоп алып чыгып тез жардамга салды. Экинчи кабатка чыгып, ал жактан дагы ошондой кыла баштадык. Анда дагы Карамушкина баардык балдарды сабатпай,тез жардамга коштоп чыгып жатты. Төмөн түшсөм, ал жактагы балдардын баарын тынч жол менен тез жардамга алып чыгып кетишиптир. Ден-соолугу тың алты спецназды балдар бербей коюшту. Биздин күчүбүз жетпеди, балдардын баары бизди угушкан жок.

– ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен сүйлөшүүлөрдө сиз дагы катышып жатпайсызбы. Сүйлөшүү качан башталды?

– 2 миңге жакын милиция Кой-Ташка келип калды деген кабар келди. Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова баштаган Атамбаевдин жанындагы активдүү балдар менен чогулуп, аларга барып айталы, чабуул жасашпасын, бул жактагы балдарды дагы тынчтыкка чакыралы, окуяны чатагы жок токтотолу деп сүйлөштүк. Мени, Асель Кодуранова, Темирлан Султанбеков, Алга Кылычовду, дагы бир жигитти (аты эсимде жок) барып сүйлөшүп келсеңер дешти. Бешөөбүз сүйлөшүүчү катары УКМКнын төрагасы Опумбаев, ИИМ министринин орун басары Асанов менен сүйлөштүк. Алар бизге 6 баланы бергиле деп дароо эле шарт койду. Мыйзамды билген, абалды түшүнгөн адам катарында дароо эле беребиз, барып айтабыз дедим. Силер дагы милиция менен аскерлерди алып кеткиле, абалды тынчтандыралы деп айттым. Себеби, ошол учурда Кой-Таштын Бишкек тарабында дагы балдар чогулуп, милиция ортодо калып калды. Кичине эле провокация болуп кетсе, чатак чыга турган шартка келип калган. Курсан Асанов “Ылдый өтүп, балдарды тынчтандырып койсоңор…” деп айтып калды. Баардыгыбыз ылдый жакка өтсөк, 300дөй бала туруптур, аларга тынчтангыла, милицияга тийбегиле деп айтсак, “Кетпейбиз” дешет. Кетпесеңер да милицияга тийишпей тынч тургула деп тынчтыкка чакырдык. Үйгө келсек спецназдын 6 баласынын абалы жакшы, тамак берип жаткырып коюшуптур. Баардыгы бир бөлмөдө экен. Балдарды бергиле деген шарт болуп жатат, биз шартты аткарсак тигилер дагы милицияны алып кетебиз деп убадаларын берип жатышат деп айттык. Жаалданган балдар макул болбой коюшту. Фариддер менен кайра кеңешип, бербей жатышса, булар менен мушташмак белек, кайра барып электр энергияны, байланышты калыбына келтирүүнү сураналы деп чечтик. Болбосо, жарык өчүп, интернет иштебей, Атамбаев өлдү, элден дагы өлгөндөр бар деген маалыматтар тарай баштаган. Эч ким өлбөгөнүн, спецназдын баласы оор жаракат алганын билдирип туралы дегенбиз. Ал баланын өлгөнү тууралуу маалыматыбыз жок болчу. Кайра сүйлөшүүгө барып, көпчүлүк балдарды бербей койду, бизди укпай жатышат дедик. Ал жерде Атамбаевдин командасынан ашып кетсе 50дөй эле бала жүргөн. Көпчүлүгү айылдардан келген, ар кайсыл топтогу бири-бирин укпаган балдар жүрдү. Абал аябай оор оолду.

Курсан Асанов биздин сунушубузду кабыл алган жок, “Интернетти бере албайбыз, жарыкты берүүнү биз чечпейбиз. Балдарды бергиле” деди. Бизди укпай жатканын айттык. Ошол менен сүйлөшүүбүз токтоп калды. Асанов “Дагы бир ылдый өтүп, балдарды тынчтандырып койгула” деди. Ылдый өткөнүбүздө миңге жакын бала чогулуп калыптыр. Алардан колубуздан келишинче тополоң чыгарбагыла, кичине эле туура эмес аракет болсо чатак чыгып, аягы жаман болуп калат деп сурандык. Менин балдарды тынчтыкка чакырганым, ошол учурда тартылган видеолордо турат. Чогулган балдар “Бизден ондой бала барып, Атамбаевдин тирүү экенин көрүп келсин” деп шарт коюшту. Милиция он чакты баланы өткөрдү. Балдарга Атамбаевдин тирүү экенин көрүп, кайра бул жакка келип айтып бергиле дедик. Барганыбыздан кийин абал тынчып калды. Жаңылбасам, Атамбаевдин кабинетинде саат төрттөрдө чогулдук. Атамбаев өзү “Равшан келсе сүйлөшөйүн” деп айтыптыр. Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов, Атамбаевдин жансакчысы Канат болуп олтурганда эле, ылдый жактан бир бала “Милицияны алып кетишти, абал тынчыды” деп кыйкырып калды. Ошол баланы Атамбаев кирсин деп чакырды. Ал бала кирип, милициянын кеткенин айтып берди. Эртең маселени тынч жол менен чечкенге аракет кылалы деп тарадык. Атамбаев элдин алдына чыгып сүйлөбөй эле коёюн, силер сүйлөп койгула деди. Асель Кодуранова, мен ошол жердегилерге Атамбаевдин абалы жакшы, тынч болуп туралы деп айттык. Мен таңкы бештен өтүп үйүмө келдим. Келатып “Азаттыкка” маек бердим.

– Атамбаев багынып берген 8-август күнү анын жанында болгонсузбу?

– “Азаттык” радиосу 8-август күнү саат тогуздагы эфирине чакырган. Ошол убакта барсам,“Саат 12де келиңиз” дешти. Бекер тургуча деп Кой-Ташка барсам, 500-1000дей киши бар экен. Фарид Ниязов менен Кундузга жолугуп, кечээ убада бербедик беле, колубуздан келсе атайын кызматтын балдарын бошотолу десем, Фарид Ниязов менен Кундуз “Бошотуп берели деп атабыз, кандай кылып өткөрүп беришти чече албай, өздөрү келеби же жеткирип беребизби, сүйлөшүп жатабыз” дешти. Балдарды тезирээк бошотуп бериш керек, аларды кармаган жакшы эмес дегем. Ал жерден кайра “Азаттыкка” келе бергем. Саат 12де “Эксперттер талдайт” берүүсүндө Ф. Кулов,Т. Сариев,А. Абдурасулова болуп сүйлөдүк. Бул мен көргөн окуя. Менин Кой-Таштагы ролум абалды курчутпай, сүйлөшүү жүргүзүп, тынчтыкты, балдарды сактап калууда болду деп ойлойм.

– Атамбаевдин үйүндөгү бункерин көргөн белеңиз?

– Үчүнчү кабаттагы бункери бар экенин билген да, уккан да эмесмин. Анын үйү бекем экенин билем. 5-6 жолу барып калбадымбы. Эшиктери брондолгон, бекем деп ойлочумун. Үйүндө бункер бар экенин көп кишилер билген эмес. Мен дагы билбегем.

– Үчүнчү кабатка эч кимди чыгарган эмеспи?

– Мен экинчи кабатына дагы чыккан эмесмин. Биринчи кабатында же болбосо эшикте эле сүйлөшүп олтурчубуз.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: