Кызылдай тирешип турган эки жээкке тең бирдей жагып, эки тараптын тең тилин таап турган сапат ар кимге эле бериле берген эмес. Мындай сапатка эгедер адамдар чанда кезигет. Биздин саясый коомдо мындай адамдар жок эмес. Маселен, президенттин кеңешчиси Калыкбек Султанов учурунда Өмүрбек Текебаевдин айланасында жүргөн адам. Жанында эле жүрбөстөн, ал «Ата Мекен» партиясынын квотасы менен транспорт министри дагы болгон. Ал эми учурда Алмазбек Шаршеновичке акыл-насаат айтып жүрөт. Эми принцип дегенден таптакыр алыс Калык мырза кандай кеңеш берип жатты экен? Күндүзү Акүйдө ажого кеңеш айтып, түнкүсүн Өмүрбек Текебаевдин түшүн жоругуч болуп жүргөн жокпу? Ким кепилдик бере алат? Финансы жагынан Текебаевди тымызын каржылап жүргөнү ачыкталабы? Ай ким билет? Өмүке деле бу жагын айтпайт го, айтса чөнтөгүн кампайтып аткан «көмүскө бюджеттен» кур калбайбы?..
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ