Menu

Аракка тоюп, бөтөлкөлөшүн сайып өлтүргөн

Бөлүшүү:

2017-жылдын 24-ноябрь күнү болжол менен түнкү саат экилер чамасында Кемин РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Боролдой айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү болгондугу маалым болгон. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Окуя болгон жерге Кемин РИИБнин ыкчам-тергөө тобу өз убагында барган. Тергөө учурунда 2017-жылдын 24-ноябрь күнү 33 жаштагы Б.У. аттуу жергиликтүү тургун “Мика” аттуу таанышы менен спирт ичимдигин ичип олтурушуп, ортодон чыр чыгуунун кесепетинен Б.У аттуу жаран таанышын бычак менен сайып салганы жана маркум алган жаракатынан каза болгондугу аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал Кемин районунун Алтымыш айылынын 40 жаштагы жашоочусу болуп чыккан. Бул факты боюнча Кемин РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгошкон. Аталган кылмыш ишине шектүү катары Боролдой айылынын 33 жаштагы Б.У. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жаран Кемин РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: