Menu

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблея Кеңешинин төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Токон Мамытов Мамлекет башчысына Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө маселесинде Ассамблеянын аткаруу бийлиги менен аракеттенишүү механизмдерин жакшыртууга багытталган ишмердиги тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу маселеси, анын жоболорун ишке ашыруунын жыйынтыктары талкууланды. Ассамблеянын ишмердигинин мындан аркы негизги багыттары жана уюмдун алдында турган узак мөөнөттүү милдеттер белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ассамблеянын азыркы учурдагы негизги милдетин – Кыргызстан элинин улуттар аралык ынтымагын жана биримдигин бекемдөөгө, маданий жана этникалык көп түрдүүлүктү сактоого жардам берүү жана жарандык интеграциянын негизинде коомду бириктирүү экендигин эскертти.

«Ассамблеянын негизги милдети – элдин биримдигин, достугун жана ынтымакташтыгын сактоого көмөктөшүү. Ассамблея бул маселелерди биргелешип чечүү үчүн аянтча болууга тийиш. Акыркы жылдары Ассамблея Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Алтай форуму жана башка бир катар улуттук ири долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышкан. Аларга даярдык көрүү этникалык коомчулуктардын Кыргызстан элинин бир бүтүн жана органикалык бөлүгү катары этникалык, тил, маданий өз алдынчалыгын сактоого жана өнүктүрүүгө түрткү берип турду», – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин Ассамблеясынын этникалык коомчулуктардын мамлекеттик тилди үйрөнүү программаларына кошуу аракетин колдоду. Мындан ары дагы мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстан элинин Ассамблеясы – этникалык коомчулуктардын өкүлдөрүнүн коомдук уюмдарынын ассоциациясы, 1994-жылы түзүлгөн.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: