Menu

Кыш мезгилинде мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун алдын алуу чаралары күчөтүлөт

Бөлүшүү:

Кыш мезгилинде мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун камсыздоо чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова унаа жолдоруна жакын жайгашкан мектептерде окуучулардын жол коопсуздугун  алдын алуу жана камсыз кылууга арналган кеңешмеде билдирди.

Кеңешмеде жол боюнда жайгашкан мектептерде окуучулардын коопсуздугун алдын алуу, коргоо иштеринде ата-энелерге  жардам көрсөтүү үчүн ыктыярдуу кошуундарды, валонтерлорду, студенттерди тартуу маселелери каралды.

Өмүрбекова белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минисрлиги менен Ички иштер министрлиги биргеликте 2018-жылдын 29-октябрында “Кыргыз Республикасында 2018-2019-жылдарга жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча  иш-чаралар планын бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому кабыл алынган.

Аталган планды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу ИИМнин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев маалымат берди.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мектепке жакын аймактагы кооптуу участкаларда жана жол кесилиштеринде белгиленген график менен нөөмөттө турушат. Ошондой эле балдардын  жол коопсуздугун сактоо жана коргоо ишине студенттерден турган ыктыярчылар жардамга тартылууда. Мындай иш аракеттердин натыйжасында акыркы 9 айда жаш балдардын жана мектеп окуучуларынын катышуусундагы жол кырсыктары азайган.

Кеңешменин жыйынтыгында Алтынай Өмүрбекова Билим берүү министрлигине мектеп окуучуларынын жол кыймылынын эрежелери жөнүндө маалымдуулугун арттыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Мындан тышкары ыктыярдуу топтор менен биргеликте соода түйүндөрүнө жакын жайгашкан аймактагы мектептерде окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүүнү, ошондой эле калк арасында жол кыймылы эрежелерин сактоо боюнча кеңири маалыматтык       түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: