Анын айтымы боюнча, текшерүү маалында жаранда коронавируска же курч респиратордук вирустук инфекцияга шек жаралса, блок-постто турган медицалык кызматкерлер аны обсервацияга жөнөтүүгө же экспресс-тест алууга укуктуу.
“Бардык посттор шаардын сыртына жылдырылды. Ал эми борбордун ичиндегилер алынды”,- деди ал.
Азиз Суракматов кошумчалагандай, шаарда жүрүү үчүн жарандар өздүгүн тастыктаган документ, жашаган жери жана иштеген жери боюнча салык кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн күбөлүгү болушу керек. “Мындан улам, салык кызматтары карыздарды төлөө жөнүндө маалыматты талап кылууга укугу жок. Ал эми иштебегендердин маршруттук баракчасы болушу керек”,- деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ