Menu

Түркмөнстанда «бекер» суу боюнча жаңы чектөөлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда 2017-жылы кардарлар бекер пайдалана ала турган суу көлөмүнө киргизилген жаңы чектөөлөр бекитилди. Расмий буйрукка мамлекет башчысы 13-январда кол койгон.

Мындай чара өлкөдөгү суу ресурстарын этияттык менен пайдалануу максатында «Суу тууралуу» кодекстин алкагында ишке ашырылып жатканы кабарланууда. Түркмөнстанда газ жана электр энергиясы менен катар суу дагы калкка берилген мамлекеттик жеңилдиктердин тизмесине кирет.

Анткен менен дээрлик жыйырма жылдан бери Ашхабаддын жана өлкөнүн башка аймактарындагы жашоочулар суунун жетишсиздиги жана анын сапатына байланышкан көйгөйлөргө дуушар болуп келишет. Аймактардагы элдин көбү сууну да, чарбалык керектөөлөр үчүн да суу сатып алууга аргасыз.

Маалыматтарга караганда, эл суу сактоо үчүн курулмаларды тургузуп, аларга жакын жердеги көлмөлөрдөн атайын техникалар менен суу ташып келишет. Ошондой эле сууну борбордук магистралдык суу түтүктөрүнөн уурдап алган учурлар да болгону кабарланууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Балкан облусунда башка жактан алынып келинген суунун баасы 5-7 тоннасына 90-100 манатты түзөт.

Түрмөнстанда суу пайдалануу боюнча алгачкы чектөөлөр 2015-жылы киргизилген. Өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун токтомуна ылайык, бир адамдын бекер пайдалануусуна уруксат берилген суткалык суу көлөмү 250 литрди түзгөн. 2017-жылы киргизилген жаңы чектөөлөрдө бекер пайдаланууга уруксат берилген суу көлөмү так көрсөтүлгөн эмес.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: