Menu

Ким Чен Ын ак боз ат минип, ыйык Пэктусан тоосунун чокусуна чыкты

Бөлүшүү:

Негизи Пэктусан тоосу Корей жарым аралында ыйык тоолордун катарына кирет. КЭДРдин лидери маанилүү окуянын алдында же өтө маанилүү чечим кабыл алаарда бул тоого чыкмай адаты бар. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда ТАСС билдирди.

Пэктусан корей тилинен “Ак чокулуу тоо” деп которулат. Деңиз деңгээлинен 2750 метр бийиктикте. Анын чокусунда миң жыл мурун болгон вулкандан кийин калган кратеринде Чхончжи көлү (Асман көлү) орун алган.

Уламыш боюнча 4 миң жыл мурун бул тоонун чокусунан байыркы корей мамлекетин түптөгөн Тангун түшүп келген экен. Ошондон улам бул тоо корейлер үчүн ыйык болуп калган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Пэктусан тоосунда Ким Ир Сен (1912-1994) башында турган антижапондук партизандардын жашыруун лагери жайгашкан экен. Дал ошол тоодон уулу Ким Чен Ир жарык дүйнөгө келип, өлкөнү 1994-2011-жылдары башкарган.

Эми Ким Чен Ын андай тарыхый чечим кабыл алганы турат, көрө жатарбыз.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: