Баш-аяксыз, кечээ, бүгүн, эртең, уланып жаткан жол кырсыктары качан азаят? Бишкектен алыс эмес Аламүдүн айылында жол кырсыгынан 5 жаштагы бала каза болуп, анын энеси оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк ал да каза болуп калган.
Чүй облусунун Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жол кырсыгы болжол менен таңкы саат 7:30да катталган. Honda CR-V улгүсундөгу унаанын айдоочусу Алматы көчөсү менен бара жатып, эки жөө жургүнчүну коюп кеткен. Анын натыйжасында бала окуя болгон жерде каза болгон. 45 жаштагы аял Чүй облустук ооруканага жеткирилген. Айдоочу «тез жардам» кызматы жана укук коргоо кызматкерлери келгиче кырсык болгон жерде калган. Маалыматка ылайык, катталган кырсык боюнча иликтөө жүрүүдө. Унаа айып төлөөчү жайга токтотулду.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ