Таласта дарыяга бир эркек жана бир аял киши түшүп кетип, каза болушкан. ӨКМдин билдиришине караганда, 1-июлда Таластын “Беш-Таш” коругунда жайгашкан дарыяга кечки саат 20:30 чамасында 1983-жылы туулган эркек киши жана 1979-жылы туулган аял түшүп кеткен. Саат 20:50дө куткаруучулар келгенге чейин жергиликтүу тургундар экөөнүн сөөгүн табышып, тез жардам кызматкерлерине беришкен.
Кайтыш болгондор 34 жаштагы Сүйүн Өмүрбеков жана 38 жаштагы Эльмира Сүйүтбекова болгон.
Көргөндөрдүн айтымында, Элмира дарыяга колун жууйм деп атып түшүп кеткен. Суу агызып кетип бараткан Элмираны көргөн Сүйүн ойлонбостон жардам берүү үчүн сууга секирген. Бирок жыйынтыгында экөө тең агып каза болушкан.
С.Өмүрбеков жана Э.Сүйүтбекова өздөрүнүн башка телеканалдардагы кесиптештери менен бирге эс алып жүрүшкөн.
Сүйүн Өмүрбеков 3-телеканалдын аткаруучу директорe болуп эмгектенген. Эльмира Сүйүтбекова болсо ошол телеканалда журналист, андан сырткары Талас шаардык кеңешинде “Мекеним Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ