Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев Бишкек шаардык милиция тарабынан кармалып, кайра коё берилгени тууралуу буга чейин маалыматтар чыккан эле. Ал маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарынын Матросов-Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен эки жол тандабас унаа токтотулганын, анын ичинде Эркин Мамбеталиев дагы бар экени, машинелерде мыйзамсыз курал алып жүрүшкөнү, кала берсе машинелердин документтери жок болуп, номерлери жасалма экени жазылган эле. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Олжобай Казабаевдин билдиргенине караганда милицияга шаар ичинде эки жол тандабас унаасы жол эрежелерин бузуп, карайтылган айнектери менен жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери бул машинелерди Матросов-Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен токтотуп текшергенде, машиненин документтери жок болуп чыккан, аны менен катар эле машиненин ичинде куралдар дагы бар болгон. «Ал машинелердин ичинде Эркин Мамбеталиев жүргүнчү катары жүргөнү аныкталган. Машинелерин айып салынуучу жайга алып барып токтоткону чын. Административдик протоколдор түзүлгөн. Машинелер киргизилгенден кийин алар тиешелүү документтерин – машинелердин документтерин, курал-жарактарынын документтерин алып келип көрсөтүшүп, тийиштүү айып пулун төлөп кеткен. Жалпысынан 15 миң сомдой айып пул төлөгөн» дейт Олжобай Казабаев.
Булак: “ПолитКлиника”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ