Menu

2040-жылдын жомогу

Бөлүшүү:

Карапайым эл канчалык өзү менен өзү болуп, оокат кылгысы келген менен саясый бийликтин аракети эл турмушуна таасир берери анык. Бир кезде кыргыз эли үркүндүн азабын унута электе замандын күрөө тамырын сезген Жусуп Абдыракманов, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Иманалы Айдарбеков, Төрөкул Айтматов жана башка кыргыздын бир топ азаматтарынын аракети менен Кыргызстан өз алдынча автономдуу облус, андан кийин республика болуп түзүлөт. Мына ошол азаматтар күнү-түнү эл менен болуп, оор курулуштарда эл менен бирге болуп, элден кийин тамак жеп, элден кеч жатып, элден эрте туруп совет мамлекетин курушту. Бирок алардын көпчүлүгү сталиндик саясый режимдин курмандыгы болуп, бири бирин каралаган арыз жазып «улутчул» жарлыгы менен бир чуңкурга жатып калышты. Андан ары «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген Исхак Раззаков эң татаал учурда тазалык менен мамлекетти башкарды. Советтик Кыргызстан өнүгүү учуруна туш келген жылдарда Турдакун Усубалиев мамлекетти башкарып, анын учурунда көптөгөн жаңы курулуштар салынып, мыкты кадрлар такшалды. Усубалиев өмүрүнүн акырына чейин элдин жүзүнө тик карап, таза болгонун далилдеп өттү. Соңкусу Абсамат Масалиев бир да жолу ыйманына каршы иш жасабай, өз пайдасын ойлоп кутум иштерге аралашпай, хан сарай салбай Кыргызстандагы жапайы менчиктештирүүдөн тарта элим деп жүрөгү ооруп, Акаевдин ойлонбой жасаган аракеттерине зээни кейип, ал да ааламдан өттү. Бирок Кыргызстан мындан ары кандай жолдо барары дагы эле так эмес. Анткени 2024-жылга чейин кандай өзгөрөбүз дебестен, 2040-жылдын камын жеп, стратегия деп жатабыз. Ооба, кагазга жазып, оозеки түрдө план куруп кыргыздарды Марс менен Айга кондуруп жашатса да болот. Бирок жерде турганыбызда жумушчу орун, айлык-маяна, аз болсо да эл жыргалчылыгы тууралуу аракет көрүлсө ошондо 2040-жылдын жомогуна кичине ишенмекпиз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: