Menu

Мирзиёев камактагы 575 адамга ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орозо айт майрамына карата «Кылганына өкүнүп, туура жолго түшкөн камактагыларга ырайым берүү тууралуу» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, мамлекет башчынын жарлыгы менен жалпысынан 575 жаранга мунапыс берилет. Алардын 361и жазаларынан толук кутулса, дагы 214 адамдын жаза мөөнөттөрү кыскарат.

Мунапыска илингендердин жетөөсү 60 жаштан ашкан, алтоосу аял жана дагы бирөөсү чет өлкөлүк жаран.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: