Ош мамлекеттик университетинин «Ыйман» лицейинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билимге ээ болгон аттестаттар тапшырылды. Бул боюнча аталган лицейдин жетекчиси Жеңишбек Элболдуев билдирди.
Маалыматка ылайык лицейди 15 кыз жана 23 бала бүтүрүшкөн. Жалпы бүтүрүүчүлөргө жалпы орто билимге ээ болгондугун тастыктаган аттестат менен биргеликте дин таануу курсун аяктагандыгы жөнүндө сертификаттар да тапшырылды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр өздөрү каалаган мамлекеттик окуу жайларга тапшыра алаары жана дин таануу курсунун сертификаты менен муфтияттын структурасындагы диний мекемелерде иштөөгө болоору белгилүү болду.
Эскерте кетсек, “Ыйман” лицейи Түркиянын “Диянет” фонду жана ОшМУ тарабынан ачылып, окуучулар 8-класстан кабыл алынат. Мамлекеттик предметтерден сырткары дин таануу сабактары, араб, түрк тилдери окутулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ