Мурунку КСДПчы, азыркы атамекенчи Жанар Акаев президенттик шайлоо өнөктүгүндө “Мекенчил” партиясынын лидери Садыр Жапаровдун Ош шаары жана Алай районундагы шайлоо штабдарын жетектейт. Мындай чечимди президенттикке талапкер Садыр Жапаров кабыл алган. Бул тууралу биздин жеке булактар кабарлашты.
Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин Садыр Жапаров Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектөөнү активист Мелис Аспековго тапшырган, ал эми Нарын облусундагы штабына мурунку атамекенчи, азыркы бирболчу Алманбет Шыкмаматовду дайындаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ