Menu

Монополияга каршы жөнгө салуу мамагенттигинин башчысынын уулунун соту жылдырылды

Бөлүшүү:

17-декабрда Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы Монополияга каршы агенттигинин башчысы Шухрат Сабировдун уулу Аброр Сабировдун иши боюнча Чүй облустук прокуратурасынын апелляциялык арызын кароону кийинкиге калтырды.

Сот отуруму адвокаттын келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылды.

2020-жылдын сентябрь айында ал Люксембург айылындагы унаа токтотуучу жайдан автоунааларды уурдоого шектелип кармалган. Андан кийин ал СИЗОго отургузулган, бирок октябрь айында ал бошотулган.

Мурда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Аброр Сабировго жана башка камакка алынган М.М.га карата козголгон кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ишине тоскоолдук кылуу”) жана 190-берене (“Үйдүн кол тийбестигин бузуу”) боюнча квалификацияланган

Өз кезегинде Чүй облустук прокуратурасы Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз жазып, анда Ысык-Ата райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну суранган.

Ошентип, 21-октябрда айыптоо актысы түзүлүп, 23-октябрда Чүй облусунун прокуратурасы актты жактырып, материалдарды Ысык-Ата райондук сотуна жөнөткөн. Ысык-Ата облустук соту аталган формадагы актыны кароодон баш тартып, мыйзам бузууларды четтетүү үчүн ишти прокуратурага жөнөттү. Өз кезегинде Чүй облустук прокуратурасы Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз жазып, анда Ысык-Ата райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну суранган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: