Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда шаардык мэриянын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматтар боюнча, борбор калаанын мэри Азиз Суракматов 3 күндөн бери изоляцияда, оору жеңил формада өтүп жатат.
“Калаа башчыбыз оору жуктуруп алды. Анализи кайра текшергенде чыгып калды. Мен жакшымын. Анализ таза чыккан. Белгилер жок. Мэрибиздин анализин кайра дагы бир жолу текшеребиз” – деп жазган Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев жарандарга кайрылып, бет кап тагынууну, аралыкты сактап, колду бат-баттан жууп турууну дагы бир жолу эскертти.
К сожалению последний тест на COVID-19 мэра Бишкека А.Суракматова показал положительный результат. Мэр находится в самоизоляции последние три дня, у него небольшая температура. Он работает удаленно дома, гор. и оперштабы, городские службы и структуры работают в штатном режиме😷
— Мэрия города Бишкек (@bishkekcityhall) June 20, 2020
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ